Жапаров Өзбекстан менен болгон чек ара маселеси боюнча үн катты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргызстан жана Өзбекстан флагтары. Архив
Кыргызстан жана Өзбекстан флагтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Президент Жапаров УКМК төрагасы Ташиев протоколго кол коюп келгени менен эле чек ара маселеси чечилип калбастыгын айтты.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Чек ара маселеси бир жактуу эле "бизге чечилиши керек" деп тура бергенде эмес, сүйлөшүүлөр менен чечилет. Бардыгын акылдашуу, макулдашуу жолу менен чечебиз. Президент Садыр Жапаров бул пикирин КТРКга берген маегинде айтты.
"Чек ара маселеси бир жактуу эле "бизге чечилиши керек" деп тура бергенде эмес, сүйлөшүүлөр менен чечилет. Жергиликтүү калк, албетте, каршы чыгууда. Алар "өз жерибизди бербейбиз, туура эмес болуп калды" деп жаткандан кийин элдин да пикирин угушубуз керек. Мындан ары калк менен макулдашып, эсептешебиз", — деди Жапаров.
Митинг против передачи земли вокруг Кемпир-Абадского водохранилища Узбекистану в Узгенском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Ташиев Кемпир-Абад боюнча Өзгөн эли менен жолугуп жатат. Сүрөттөр
Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ташиев Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын билдирген. Мындан улам коомчулукта нааразы болгондор чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча талкуулар башталган.
25-апрелде Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болгон эл Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо Ташиев менен жолугуп, бир топ нааразылыктар айтылган. Ташиев элдин алдында Кемпир-Абадды азыркы бойдон каларын, Өзбекстанга өтпөстүгүн айткан.
"Негизи өзү жашыруун болушу керек эле, себеби кагаздардын көбү жашыруун деп эсептелет. Бирок биз эл менен эсептешип жатабыз. Ташиев барып протоколго кол коюп келсе эле маселе бүтпөйт. Чек ара чечилип, аягына чейин чыгып кол койгонго чейинки процесс төрт этаптан турат. Алгач, жумушчу комиссия макулдашып келет. Анан баары такташып алып, президентке киргизет, ал жок десе, кайра артка кайтарып, туура эмес жерлерин оңдошот. Макул болсо, парламент аны карап, ратификациядан өткөрүп берет. Ага президенттер кол койгондон соң чек ара маселеси чечилди деп эсептелет. Биздики башталышы гана... "Кокуй, жерибиз өтүп кетти" деген саясат жүргүзбөш керек... Бардыгын тынчтык жолу, акылдашуу, макулдашуу жолу менен чечебиз", — деди Жапаров.
Ал мурдагы бийликтегилердей болуп жердин башка мамлекетке берилип кеткендигин калкка баары бүтүп калгандан соң кабарлабай, элге маселени ачык билдирүүнү максат кылып жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0