Жапаров Соттук реформа боюнча кеңешти жоюп, башкасын түздү. Курамы

Кишилер жыйын учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Жапаровдун жаңы жарлыгы менен мамлекет башчысына караштуу Соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн кеңеш ишин токтотту.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлдү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин аппаратынан жетекчисине КР мыйзамдарынын колдонулушуна талдоо жүргүзүү жана Кеңеш үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топту бир жумалык мөөнөттө түзүү тапшырмасы берилди. Ал эми кеңештин ишинин багыттары боюнча башка эксперттик жумушчу топторду түзүүгө бир айлык мөөнөт каралды.
"Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, анын ичинде аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдайт. Бул кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болот", — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар мамлекет башчысына караштуу Соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн кеңеш жоюлары белгиленди.
Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин курамы:
  • Садыр Жапаров — Кыргыз Республикасынын президенти, Кеңештин төрагасы;
Кеңештин мүчөлөрү:
  • Курманкул Зулушев — башкы прокурор;
  • Нургүл Бакирова — Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
  • Чынара Садырова — Судьялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
  • Улукбек Кармышаков — вице-премьер, экономика жана финансы министри;
  • Канат Керезбеков — Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
  • Наталья Никитенко — Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
  • Эмил Токтошев — Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
  • Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
  • Асел Чынбаева — юстиция министри;
  • Камчыбек Ташиев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Медербек Сатыев — президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • Замирбек Базарбеков — президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы;
  • Билим Райымкулов — КР Адвокатура кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
  • Автандил Арабаев — Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
  • Чолпон Жакупова — "Адилет" укуктук клиникасынын директору (макулдашуу боюнча).
Жаңылыктар түрмөгү
0