Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ибраим Нуракун уулунун айтымында, жаңы шайланып келген депутаттар алгачкы жылдары келиндей болсо, үчүнчү жылы бышып жетилип, кишилерин кызматка түртө баштайт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу беш жылга жакын убакыттын ичинде депутаттар кандай өзгөргөнү боюнча байкагандарын Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, депутат биринчи жылы жаңы келген келиндей болот.

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу
"Депутат биринчи жылы жаңы келген келиндей болот. Парламенттин аки-чүкүсүн таанып, кабинеттерин бөлүшүп, олтургучтарын оңдоп бүткүчө эле бир жыл зуу деп өтөт. Экинчи жылы лидерлер суурулуп чыга баштайт. Айрыкча, өкмөттүн ишин тескегендер, экономикадан баштап, маданият, психология, гинекологияга чейин тармактарды аңдап-түшүнүп дегендей", — деди Нуракун уулу.

Анын айтымында, үчүнчү жыл депутаттын бышып жетилген маалы.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу
"Саясатты чемичкедей чагып, кишилерин кызматка түртүп, жазган же жактаган мыйзамдары кадимкидей өлкөнүн жашоо-турмушуна таасир этип, юридикалык, ораторлук жана саясий таланттары ачылган жыл болот. Мыктыларын дээрлик жыл сайын алмашчу өкмөткө вице же бери дегенде эле министрликке алып кетет", — деп белгиледи маалымат кызматтын жетекчиси.

Ал эми төртүнчү жылы депутаттын ит талагандай сын-пикирлерге да, мактоо, кошоматчылык, пактакорлорго да бирдей туруштук бергидей иммунитети пайда болорун байкаган.

Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу

"Мурдараак курч сүйлөгөндөрү кадимкидей токтолуп, өз чөйрөсүндө авторитети өркүндөгөн маалы. Депутаттан башка адамдар менен көп деле сүйлөшпөй, өздөрүнчө консультацияларды өткөрүшүп, шыбырашып, той-тамаша, куран окуткан жерде деле депутаттар өзүнчө үстөлгө бөлүнүп отуруп, депутат эместерден бир аз оолагыраак болушат. Биздейлерден ковид жугуп калчудай "социалдык дистанцияны" дайым сакташат. Баамдасаңыз, кээ бирлеринде мындай мүнөз талапкер кезинен эле старт берет. Ушундайда баягы эле айыл жыттанган, кичинекей бир кыштактан чыккандар же бир спортсмен депутаттар, же кайра-кайра шайлана берип депутаттыктан тажагандар гана өзгөрбөйт. Аларга депутатпы, жөнөкөй адамбы баары бирдей болот, негедир. Адамдар менен ылгабай саламдашат. Айтмакчы, төртүнчү-бешинчи жылдары ЖК депутаттары фейсбук сыяктуу түйүндөргө өтө кылдат мамиле кыла баштайт. Ашыкча пикир, сүрөт же маалымат таратуудан карманышат. Байкасаңыз, депутаттын азы эле лайк, дизлайк деген смайликтерди колдонот. Бул алардын маалыматтан алыстыгы, убактысынын жоктугу же фейсбуктагылардан жийиркенгендиги эмес, саясий жактан абдан кылдаттыгы, такшалгандыгы десе да болот. Бирөөлөрдү капа кылып албайлы дешет. Социалдык желени көбүнчө алардын консультанттары колдонуп, лайк басышат. Өздөрү окуса да окумаксан, көрсө да көрмөксөнгө салып коюшат", — дейт Нуракун уулу.

Парламентке келиш үчүн кайсы партия канча акча сарптап жатканы айтылды

Жетекчи бешинчи жылы депутат үчүн да, алардын жанында иштеген карапайымдар үчүн да кызыктуу жыл экенин жазган.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу
"Ушул маалда алар чоң иштерин коё туруп, өзүнүн кийинки мөөнөтү тууралуу ойлоно баштайт. Жөнөкөй адамдардын арасынан жакшы адистерди издеп, улуу башын кичик кылып дегендей, кайрадан таанышкан, бири-бирин кайра башынан жактырышкан моменттер көп кезигет. Депутаттын кабылдамасында депутат олтурган таң калычтуу учурлар да болбой койбойт. Көп жыл иштеген кесиптештеримен сурай келсем, бул кубулуштар алтынчы чакырылыш үчүн эле эмес, соңку 29 жыл бою эле ушундай дешет", — деди жетекчи.

Ал ошондой эле эл арасында канча ар түрдүү пикир, канча улут, канча кулк-мүнөз болсо, депутаттын портрети да ошондой - түмөн түстүү боёк менен гана тартууга мүмкүн болгон өкүлү экенин белгилеп, депутат бул — элдин добушунан жаралган беш жылдык гибрид киши экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0