Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама

© AFP / JIM WATSONМамлекеттик кызматчы. Архив
Мамлекеттик кызматчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда "админресурс" деген сөз көп айтыла баштады. Бул эмне? Аны ким кантип колдонот? Ошондой эле административдик ресурсту пайдалангандар үчүн кандай жаза каралганын айтып беребиз.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Административдик ресурстун түшүндүрмөсү жана анын кесепети тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги маалымат чогултту. Материал "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын жобосуна таянуу менен даярдалды.

Текстти жөнөкөйлөтүү үчүн мамлекеттик, муниципалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деген сөздөрдүн баары "мамлекеттик" деп жазылат.

Админресурсту кыянаттык менен пайдалануу деген эмне?

Аткаминер же мамлекеттик уюмдардын жана мамлекеттин үлүшү бар (30 пайыздан жогору) компаниянын кызматкерлеринин көзөмөлү астында адамдык, каржылык, медиа жана башка ресурстардын шайлоодо мыйзамсыз пайдаланышы. Бул талапкерлерге, кызмат адамдарына, мамлекеттик уюмдардын жетекчилерине жана ЖМКнын негиздөөчүлөрү менен мүчөлөрүнө тиешелүү.

Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу

Кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрү

  • Талапкерди көрсөтүүгө же шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн кол алдындагы мамлекеттик кызматчыларды, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматчыларын тартуу;
  • Үгүт өнөктүгү маалында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин имараттарын башка партиялардын колдонушуна уруксат берилбей, бир гана партия пайдаланып жатса админресурска кирет;
  • Мамлекеттик мекемелердин телефонун, факсимиле жана башка байланыш түрлөрүн, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу техникасын пайдалануу;
  • Мамлекеттин менчигинде турган транспорттук каражаттарды акысыз же жеңилдетилген шартта пайдалануу;

Прокуратура добушту кыйнап, мажбурлап чогулткандарга чара көрүүнү баштады

  • Кызматтык иш сапарлардын алкагында мамлекеттик кызматкерлердин кол чогултуусу, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүсү;
  • Кол чогултуу же үгүт иштерин жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын артыкчылыктуу пайдалануу (башка талапкерлерге салыштырганда);
  • Мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулган массалык иш-чараларда кайсы бир партияга үгүттөө;
  • Мамлекеттик кызматта иштеген талапкер шайлоо өнөктүгү мезгилинде ЖМКга, үгүттөөчү басылма материалдарга аткарган иштери жөнүндө отчётторду жарыялоо, талапкердин атынан шайлоо фондунан төлөнбөгөн куттуктоолорду жана башка материалдарды таркатуу.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерине, негиздөөчүлөрүнө жана башкаруу мүчөлөрүнө, журналисттерге өзүнчө талап коюлат. Эгер алар партиянын ишенимдүү жана ыйгарым укуктуу өкүлү болсо, ЖМК аркылуу шайлоо кампаниясын чагылдырышына тыюу салынат.

Кыянаттык менен пайдаланууга берилген жаза

"Белгиленген талаптарды бузган тараптар мыйзамда каралган кылмыш же башка жоопкерчиликке тартылат", — деп айтылат мыйзамда.

Жоруктар кодексинде жазанын түрлөрү жазылган

Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда, добуш берүү күнү административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланып мамлекеттик ЖМКларды жана интернет-басылмаларын кайсы бир талапкерди шайлоо максатында колдонгондорго II категориядагы айып салынат.

Шайлоодо добушун саткандар да жазаланат! Мыйзамда жазылган эрежелер

Ушундай эле иштер үчүн мамлекеттик кызматкер, мамлекеттик уюмдун жетекчиси жана мамлекеттин үлүшү бар компаниянын жетекчилерине II категориядагы айып салынып, белгилүү бир мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматта иштөө же кайсы бир тармакта эмгектенүү укугунан ажыратылат.

II категориядагы айып пулдун көлөмү 18 жашка чыга элек балдар үчүн 15 миңден 25 миң сомго чейин. Чоң адамдар үчүн 30 миңден 60 миң сомго чейин.

Кимге кайрылуу керек?

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы админресурс колдонуу фактысы боюнча БШКнын Ыкчам аракетке келүүчү координациялык тобуна кайрылса болорун айтты. Телефон номерлери: 620184, 620829.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы мындай учурда 102 кызматына чалып же жакын жердеги милиция бөлүмдөрүнө барып кабарласа болорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0