00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

УКМК: абак таза, Атамбаев вирустун белгилери бар жактоочусу менен кезиккен

© REUTERS / Vladimir PirogovМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Атамбаев пневмонияга кабылганы айтылды. УКМК ал коронавирустун белгилери бар жактоочусу менен байланышкан десе, жакындары тергөө абагындагы кызматкерлерден илдет жукканын айтып чыгышкан.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев коронавирустун белгилери аныкталган жактоочусу Замир Жоошев менен жолугушкан. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен Атамбаев пневмонияга кабылып, ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Кечээ анын ден соолугу начарлап жатканда дарыгерлер COVID-19га ПЦР-анализ тапшыртып, бирок ал таза чыккандыгы айтылган. Муну менен бирге УКМК мурдагы мамлекет башчы вирус аныкталгандар менен байланышта болгон жактоочусу Замир Жоошев жана өзүнүн жакындары менен жолугушуп, кагаз жана буюмдарды алганын билдирген.

Асрандиевден COVID аныкталып, дагы төрт министр обочолонду

Ал эми социалдык тармактарда Атамбаевдин жакындары коронавирус УКМКнын тергөө абагында иштеген кызматкерлерде бар экен деген билдирүүлөр менен чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маалыматты төгүндөдү.

"Акыркы жумада Атамбаев бир нече жолу туугандары жана жактоочулары менен, анын ичинде адвокат Замир Жоошев менен жолугушуп, бир нерселерди алган. Расмий маалыматтарга караганда, Жоошевден коронавирустун белгилери байкалып, Ысык-Ата аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Ал бирге жашаган апасы менен байланышта болгондугу аныкталган. УКМКнын тергөө камак жайынын кызматкерлеринин баары коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгында инфекциянын белгилери байкалган жок", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, экс-президентке туура эмес дарылар берилген деген билдирүүгө дагы жооп кайтарышты.

Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео

"Атамбаевден COVID-19 үчүн ПЧР-анализ алынганын айтканбыз. Аскер дарыгерлери алдын ала текшергенден кийин, билдирүүдө айтылгандай, ага "Эргеферон" дарысы эмес, вируска каршы антибиотик беришкен. Ошондой эле көкүрөк органдарына томография дайындалган. Андан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу жана башка тажрыйбалуу дарыгерлердин катышуусунда онлайн консилиум өткөзүлүп, эки тараптуу пневмония аныкталып, стационарга жаткырылмай болгон", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Атамбаев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу клиникалык ооруканасында стационардык дарыланууда экендиги кошумчаланды. Ал жерде жактоочулар менен дарыгерлер жолугушууларды тоскоолдуксуз өткөрө алары белгиленет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин абагы штаттык режимде иштеп, Республикалык штабдын талаптарын аткарып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0