00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абылгазиев: элди коркутканы үчүн Соцфонддун төрагасы иштен кетиши керек

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн бүгүнкү отурумунда
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн бүгүнкү отурумунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев 2020-жылы январь, февраль айларында пенсия кеч төлөнүшү мүмкүн экенин айткан. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катуу эскертүү берди.

БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. Өкмөттүн бүгүнкү отурумунда премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүн элге туура маалымат жеткирүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жаткан учурда аталган мекеменин башчысы Медер Ирсалиев камсыздандыруу төлөмдөрүнүн чогулушу быйыл сегиз айдын жыйынтыгы менен 1 миллиард сомго кем болуп жатканын айткан болчу.

Депутат Дастан Бекешев 2018-жылы Соцфонддун бюджети боюнча көйгөйдүн бар-жогуна кызыккан. Ирсалиев эч маселе жок экенин, бирок быйыл бекитилген сумма чогулбай калуу коркунучу бар экенин айткан.

"Биз быйыл 1-январдан тарта Салык кызматына камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу функциясын өткөрүп бергенбиз. Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча азыр бир миллиард сом чогулбай жатат. Бул жерде коркунуч бар. Бирок Салык кызматынын төрагасы жыл аягына чейин бекитилген бюджетти толук чогултуп берем деп жатат. Эгер чогултуп берсе, коркунуч болбойт, ушул темп менен чогула турган болсо маселе жаралышы мүмкүн", — деди Ирсалиев.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев Салык кызматы камсыздандыруу төлөмдөрүн чогулта албай жатса анын кедергиси пенсия төлөөгө тиер-тийбесин сураган. Ирсалиев эгер жагдай өзгөрбөсө, 2020-жылдын алгачкы эки айында пенсия кеч төлөнүп калышы мүмкүн экенин билдирген.

Өкмөттүн отурумунда Мухаммедкалый Абылгазиев Соцфонддун жетекчисинин Жогорку Кеңеште берген маалыматтарын сынга алды.

Больница в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Кандай бейтаптар пенсияны мөөнөтүнөн эрте ала алат? Соцфонддун түшүндүрмөсү
"Социалдык фонддун төрагасы 2020-жылдын башында пенсия төлөнбөй калуу коркунучу бар деп жатат. "Коркунуч пайда болду" деген сөз бул өкмөт мүчөсүнүн сөзү эмес. Эгер жетпей жатса, айткыла, биз беребиз. Биз азыр социалдык маселелерге бардык каражатты жумшайбыз. Социалдык маселелер боюнча сөздү айтканда этият бололу. Пособие, пенсия, айлык, социалдык төлөмдөр убагында, мыйзамда каралган учурда берилет. Урматтуу Социалдык фонддун төрагасы, "элге төлөнбөй калат", "коркунуч бар" дегениңер үчүн кетишиңер керек анда. Коркунуч бар деп эксперт, аналитик айтышы мүмкүн. Бирок министрлер айтпайт да. Коркунуч бар болсо, азыр айткыла, биз карап туруп акча беребиз", — деди Абылгазиев.

Эске салсак, Социалдык фондунун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 667 миң пенсионер бар.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0