Жээнбеков: чек ара чырын эл аралык-укуктук алкакта чечели

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков провел совещание по ситуации на кыргызско-таджикской границе
Президент Сооронбай Жээнбеков провел совещание по ситуации на кыргызско-таджикской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арада чыр 16-сентябрда кечке жуук чыккан. Ушу тапта окуя болгон жерде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган аткаминерлер жүрөт. Жаңжалдын кесепетинен бир жоокер окко учту.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырды мындан ары курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн эртең менен өткөргөн кеңешмеде айтты.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, жыйынга президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков катышты.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткендеги чек ара чырында 12 жаштагы бала ок жеди. Жарадарлардын тизмеси
Мамлекет башчысы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр чыккандан баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын баса белгиледи.

Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берип, ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону дагы бир жолу белгиленди.

"Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле жаракат алган жарандар зарылдыгына жараша Бишкектеги ооруканаларга алып келине турганы айтылды. Президент Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты", — деп жазылат маалыматта.

Жээнбеков кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керектигин эске салды.

Жаңжалдын тутанышы

Баткен облусундагы Максат айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажик тарап чек арадагы жаңжал боюнча өз версиясын айтты
Эске салсак, 16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, 13 кишинин жаракат алганы кабарланган. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо — жай тургундар. Баарына медициналык жардам берилип, Исфана шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген. Эки аскердин абалы оор.

Ушу тапта окуя болгон жерде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган аткаминерлер жүрөт.

Тажик тараптын версиясы

Чек ара жаңжалы боюнча Тажикстандын расмий органдары да билдирүү жасады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери ок атууну кыргыз тарап биринчи баштаганын билдирген. Маалыматка ылайык, кыргыз тарап 16-сентябрда саат 18:45тер чамасында Бахор аймагындагы спорт аянтчасына курулуш иштерин баштаган. Жергиликтүү тургундар (тажик тарап) курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан.

Маалыматта эки тараптуу жетишилген макулдашууларга карабай, Кыргызстандын куралдуу күчтөрү кошумча 250-300дөй аскерди тартканы айтылат. Чагымчыл аракеттерден кийин Тажикстандын куралданбаган жай тургундарына карата ок атылып, бир нече киши жаракат алганы белгиленген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0