00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Парламентте Айыл чарба министрлигин жоюу маселеси кайрадан көтөрүлдү

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик жалаң гана статистикалык маалымат менен чектелип калганы айтылды.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин жоюп, Суу чарба департаментине кошуп салуу керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлик пландуу иштерди аткарбай, жалаң гана статистикалык маалыматтарды отчет катары берген.

"Силер эч кандай саясат жүргүзгөн жоксуңар, статистика менен гана чектелип жатасыңар. Айыл өкмөттөн статистиканы аласыңар да бул жакка отчет кылып бересиңер. Айылда эл эмне эгип, эмне тигиш керектигин билбейт. Силер аларга ушул нерсени эккиле деп айтпайсыңарбы? Картошка эмне болду мына", — деп депутат ачууланды.

Ал ошондой эле илгери союз маалында ар бир колхоз, совхоздо агроном болуп, алар элге туура багыт берип келгенин кошумчалады.

Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди. Маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди. Маектин видеосу
"Агрономдор элге агродарыканалардан кандай дарыларды алып, кандай эгиндерди эгишти айтып турчу эле. Бүгүн Айыл чарба министрлиги эч кандай иш кылган жок. Айылда дыйкандар агродарыканалардан химикаттарды алып, өзү билгендей чачып ууланып өлгөн фактылар бар. Мына, министрликте беш миң адам бар экен, алар эмне иш кылып жатат?" — деп суроо салды депутат.

Өз кезегинде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев депутаттын айткандары менен макул эместигин, ошол беш миң кызматкердин 65 пайызы айыл жергесинде иштей турганын айтты.

Буга чейин да Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев министрликти жоюп салуу маселесин көтөргөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0