Маңдай терине күйгөн дыйкандар тээ күздөн бери эле баанын көтөрүлбөй жатканына нааразы болуп келишет. Алардын айтымында, бир гектар аянтка эгилген картошканын жалпы чыгымы 100 миң сомдун тегерегинде болот. Буга жердин ижарасы, жер семирткич, техниканын акысы кошулат. Эгер үрөнү жок болсо, бир гектар жерге килограммын 20-30 сомдон 3 тонна үрөн сатып алышы керек. Ал эми андан 30дан 50 тоннага чейин түшүм алышат.
Кыргызстанда картошканы эң көп өстүргөн аймактын, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун тургуну Адилет Асанбаев быйыл эки гектар картошка айдаган. Анын 6-7 ай ичинде төккөн тери 50 миң сомго гана бааланыптыр.
"Быйыл 100 тонна түшүм алгам. Таза, чоң картошкаларды ылгап, 50 тоннасын 5 сомдон сатып алышты. Калганы турат эми. Эки гектар жерге 200 миң сомдук чыгым кеткен. Ошондо мен быйыл пайда көрбөй калдым. Жазында өкмөт "Казакстан менен Өзбекстанга мынча тонна экспорттойбуз" деп ишендирип, картошка эгүүнү сунуштаган. Эми минтип артка кетип отурабыз", — деди дыйкан.
Ысык-Көлдө картошка алып сатып иштеген Уланбек Асанбеков былтыр ушул маалда картошканын баасы 18-19 сомдон болгонун белгиледи.
"Өткөн жылы Өзбекстан бааны түшүрсө, Казакстан көтөрүп, баа кубалап отуруп кымбат сатканбыз. Быйыл эки жак тең албай жатат. Өзүм да 2,5 гектарга картошка эгип, сатууга 45 тонна алып чыктым. Жазда Өзбекстан менен келишим түздүк, картошка жакшы кетет деп айтышкан. Биз ошого ишенип быйыл көбөйткөнбүз. Аягында тескерисинче болуп калды. Быйыл эмнеге арзандаганын түшүнбөй жатабыз", — деди Асанбеков.
Ак-Суу районунун акими Улан Бөкөнбаев быйыл 9200 гектар жерге картошкага эгилгенин билдирди.
"Дыйкандар ар бир гектардан орточо 19,7 тоннадан түшүм алып, жалпы 200 миң тоннадай түшүм алышты. Жылда 80 миң тонна экспортточубуз. Учурда дыйкандарыбыз кыйналып турат, январдын аягында баа көтөрүлүшү мүмкүн. Айыл чарба министрлиги Өзбекстандан 17 компания менен келишим түздүк деген болчу. Ошолор келип калабы деп күтүп жатабыз. Азырынча Бишкекке эле алып барып сатышууда", — деди аким.
Дыйкандардын көйгөйүн уккан соң кырдаалдын чоо-жайын суроо үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге барды.
Алгач ал картошка тууралуу комментарий бербейм деп так секирди. Себебин сурасак, кайра ойлонуп жарым сааттан кийин кирүүнү сунуштады.
Акыры эптеп Мурашевдин кабинетине кире алдык. Көйгөй чечпеген министрге таза, чоң картошканы көрсөтүп 5 сомдон ашпай жатканын айттык. Эгер экспорт маселеси чечилбесе, сактаган картошка кандай болуп чирип кетерин да көрсөттүк.
"Бааны сен экөөбүз же өкмөт чечпейт. Бааны базар аныктайт экен. Дыйкандарга жылда өндүрүлүп жаткан көлөмдө эле картошка эгүүнү сунуштаганбыз. Бүгүнкү күндө Казакстан менен Россиянын валютасынын курсу түшүп кетип, айыл чарба продукциясына аябай зыян келтирди. Сом бир калыпта турат. Бул өлкөлөрдөн да картошка Өзбекстанга экспорттолуп, атаандаштык күч алды", — деди Мурашев.
Ошентип акыр аягында ал дыйкандар күткөн суроого жооп берип, мындан ары баа көтөрүлбөй турганын моюндады.
"Дыйкандарга айтып кетерим, бүгүнкү күндө картошка 5-6 сом болуп жатабы, демек быйылкы баа ушундай экен. Биз жакшы ниет менен көтөрүлөт деп аракет кылдык, бирок бааны базар аныктайт экен. Базар көтөрбөдү", — деп сөзүн жыйынтыктады министр.
Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги былтыр ушул маалда өлкөнүн түштүгү жана Ысык-Көл облусуна картошка эгүүнү сунуштаган болчу. Бирок күзүндө баа арзандап кетип, чоң көйгөй жаратып, тынбай көтөрүлчү маселеге айланды. Ошондо бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги макала даярдап, дыйкандардын арыз-муңу өлкөнүн бүт жеринде бирдей экени белгилүү болгон.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин ишин сынга алган бир эле дыйкандар эмес. Буга чейин 18-октябрда аны депутат Ирина Карамушкина, 27-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана 23-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков зекиген.
Мындан сырткары, 2018-жылдын 12-мартында ошондогу өкмөт башчы Сапар Исаков да ишиндеги чекиликтер үчүн сөгүш берген.
Нурбек Мурашев 2010-жылы "Республика" партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бир чакырылыш иштеген. Кийинки шайлоого "Бир Бол" партиясы менен барып мандат тийген эмес. Кийин 2016-жылы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалган. Саясатка келгенге чейин жеке фирмаларда иштеген.