УКМК депутат Осмонбек Артыкбаевди камакка алды

© Фото / пресс-служба ЖККСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев. Архив
КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнө Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КСДП партиясы Сапар Исаковдун камалышы боюнча үн катты
Эскерте кетсек, 5-июнда Башкы прокуратура Артыкбаевге Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун алкагында Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан соң ишти УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берген.

УКМК тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.

Кечээ мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов да УКМК тарабынан камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0