Кубанычбек Кулматов камакка алынды

© Sputnik / Жоомарт УраимовМамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү
Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулматовдун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралды.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматов камалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Кулматов коррупция беренеси боюнча козолгон кылмыш иштин негизинде бүгүн, 5-июнда, үчүнчү ирет суракка чакырылган. Андан соң Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралды. 

“18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган. Бүгүн сот аны тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды”, — деп айтылат маалыматта. 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков камакка алынды
УКМКнын версиясына караганда, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Башкача айтканда, ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен өткөртүп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0