Жээнбеков ИИМ башчысына органда коррупция күчөп жатканын эскертти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков принял министра Улана Исраилова
Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял министра Улана Исраилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент милициянын иши мыйзамга гана негизделиши керектигин баса белгиледи

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИчки иштер министри Улан Исраилов
Министр МВД КР Улан Исраилов - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министри Улан Исраилов

Министр 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин чечими менен ички иштер органдарынын алдына коюлган олуттуу милдеттерди ишке ашыруу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам чаралар тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу учурунда Жээнбеков ички иштер органдары коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишти күчөткөнү байкалып жатканын белгиледи.

"Бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек", — деди президент.

ИИМ кызматкерлеринин погондору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңеши укук коргоо орган жетекчилеринин мүлкүн текшерет
Ал ошондой эле милициянын иши мыйзамга гана негизделиши керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ИИМ системасында коррупция деңгээли жогору экендигин, милиция кызматкерлеринин көп сандаган мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган статистикалык маалыматтарды келтирип өттү.

Мындан тышкары, президент министрден алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууну басаңдатпастан, ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды колдонууну, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0