Liglass кыргыз бийлигине кандай дооматы бар экенин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чех компаниясы 19-сентябрга чейин Кыргызстандын "Русгидрого" болгон 37 миллион карызын төлөөшү керек болчу

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын башкы директору Михаэль Смелик Жогорку Нарын каскады жана чакан ГЭСтер боюнча компаниянын билдирүүсүн таратты.

Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы 37 миллион долларды төлөөнүн мөөнөтүн узартып берүү боюнча кыргыз өкмөтүнө кайрылган. Каражатты төлөөнүн акыркы мөөнөтү 19-сентябрь болчу. Өкмөт аталган компания менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми чакан ГЭСтер боюнча төлөнгөн 1 миллион 147 миң доллар кепилдик салымы Кыргызстанда калат деп бийлик ишендирүүдө.

Таратылган билдирүүдө Liglass Trading CZ, SRO компаниясы 37 миллион долларды эмне үчүн төлөбөй койгону белгиленген.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети сааттын ичинде тагдыры чечилген Liglass
Биринчи жүйө. Экинчи жолу талап кылууга карабастан кыргыз тарап кайтарууга милдеттүү болгон 1 миллион 147 миң доллар кепилдик салымды бере элек. Аталган каражатты кыргыз өкмөтү компанияга 2017-жылдын 11-августуна чейин бериши керек болчу.

Экинчи жүйө. Кыргыз тарап Liglass Trading CZ, SRO компаниясынан долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү тоскоолдуктарды жашырып койгон. Анын айынан долбоордун мурдагы инвестору "РусГидро" учурда Кыргызстанды арбитраждык сотко берүү аракетин көрүп, бүт долбоорду жана инвестицияны кайтарууну тобокелдикке салып жатат. Ошондой эле кыргыз өкмөтү компанияны чаташтырып, "Жогорку Нарын ГЭСтери" боюнча компаниянын 50 пайыздык акциясы "РусГидро" менен макулдашылбаганын айткан эмес.

Үчүнчү жүйө. Кыргыз тарап түзүлгөн келишимдин алкагында иш алып барган эмес. Себеби, сырткы факторлордун таасиринен улам болчу чыгымды токтотуу боюнча эч кандай чара көргөн эмес. Анын ичинде күтүлбөгөн жагдай (форс-мажор) жана жашыруун маалыматтардын сыртка чыгып кетүү коркунучу болгон. Анан калса кыргыз тарап келип чыккан көйгөйдү биргелешип чечүү үчүн кеңешүүгө да келген эмес. Билдирүүгө ылайык, компания ЖМК менен кыргыз активисттеринин күтүлбөгөн кысымы жана бирдиктүү аракеттери долбоорго катыша турчу өнөктөштөрдү чочулаткан.

"Түзүлгөн мындай кардаалда компания кылдаттык менен аракеттерди жасоого аргасыз болгон. Андыктан арбитраждык соттошуу коркунучунда турган өзүнүн инвестициясынын жана долбоорго салынган өнөктөштөрдүн акчасынын камакка алынып калбоосу үчүн 37 миллион долларды төлөөнү токтотуу чечимин кабыл алган", — деп жазылат Смелик кол койгон билдирүүдө.

Чех компаниясы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө үмүт артып жатканын айтып, сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн КР өкмөтүнө кайтадан кайрылды.

Вице-премьер-министр Дуйшенбек Зилалиев - Sputnik Кыргызстан
Зилалиев: Liglass компаниясынан 37 миллион сом түшкөн жок
Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Инвестор өз ыктыяры менен Кыргызстандын "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион карызын төлөп берүү милдетин алган.

Кыргызстандагы бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Liglass Trading компаниясынын ишмердүүлүгү туурасында жана алардын ГЭС куруусунан күмөн санаган сын-пикирди жазып келишкен. Ал эми 19-сентябрда чехиялык компаниянын жетекчилиги кыргыз тарап келишимди бир тараптуу бузгандыктан эл аралык арбитраждык сотко кайрылаарын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0