БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттарын таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары буга чейин таркап кетүү боюнча чечим кабыл алган. Кийинки шайлоо 28-майга белгиленди.
Алгач үч фракциядан — "Республика — Ата-Журт", "Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресстен" турган коалиция түзүлгөн. Бирок биринчи жыйында күн тартибиндеги маселелерди караганга депутаттардын үчтөн биринин добушу жетпей, чогулуш болбой калган.
Кийин "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгып, КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата-Журт" фракциялары көпчүлүк коалиция түзүшкөн. Жыйында маселени караганга кайрадан добуш жетпей калган.
Андан сырткары Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айылдык кеңештери да таратылды. Ал жакта дагы шайлоо 28-майда өтөт.