БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин 28-февралда Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин кыргыз-орус мамилелерин талкуулашат. Андан тышкары, биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташуу маселелери ортого салынат.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин дагы Россияга иш сапары менен бара турганы күтүлүп жатканы маалымдалган.