08:12 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Сүрөт

Апта ирмеми: купальниктердин көргөзмөсүнөн Түштүк Африкадагы башаламандыкка чейин

Кыскача шилтеме алуу
548 0 0
  • Зыяратчылар мусулмандардын ыйык жайы болгон Меккедеги Каабага келишти. 
Быйыл Сауд Аравиясына ажылыкка келүүгө ДССУ бекиткен COVID-19га каршы вакцина менен эмделгендерге гана уруксат берилди. 
Ажылык бул ар бир мусулман үчүн парз амалы болуп саналат, ал Курман айттын алдында жасалат
  • Белла Хадид 74-Канн кинофестивалында кызыл килем үстүндө келе жатат
  • Робот Токио-2020 Олимпиада оюндарынын алдында маалыматтык столдо отурат, Японияда Олимп оюндары 23-июлда башталып, 8-августка чейин созулат
  • Майамидеги пляж кийимдеринин көргөзмөсү.
Miami Swim Week жыл сайын июль айында өткөрүлөт. Бул дүйнөдөгү эң көрүнүктүү көргөзмөлөрдүн бири. Подиумда дүйнөгө аты чыккан бренддердин коллециясындагы купальниктер менен пляж кийимдери көрсөтүлдү
  • Германиянын суу баскан Шульде шаарында урандыга айланган үйүнүн жаныда турган киши. 
Табигый кырсыктан бери дегенде 156 киши каза болуп, дагы көптөгөн адамдар дайынсыз болууда
  • Крымда лаванда гүлү өскөн талаада турган кыз
  • Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаары курула турган жер. 
Июль айынын башында президенттин аппараты Ысык-Көл облусуна 500 миң адам жашай турган Асман инновациялык шаар курууну жарыялады
  • Москвадагы Мамлекеттик Кремль сарайында профессионалдар арасында өткөн латын америкалык бий боюнча дүйнө кубогу мелдешинин катышуучулары. 
Кубок үчүн Россия, АКШ, Канада, Италия, Түркия, Франция, Хорватия, Исландия жана Украина мамлекеттеринен 36 жуп ат салышты
  • Калгариде (Канада) өткөн родео мелдешинде ат чабандести ыргыта чапкан учуру
  • Түштүк-Африкада талкаланган соода борборунда турган мародерлор, өлкөдөгү башаламандыктар республиканын экс-президенти Жейкоб Зума камалгандан кийин башталган
  • Модель Анджелина Кали Канн фестивалында сүрөткө түшүп жатат
  • Мьянмада заводдун жанында бош кычкылтек баллондорунун жанында турган адамдар
  • Бхагсунагда (Индия) адамдар нөшөрдөн соң капысынан болгон суу каптоодо жабыркаган унааны чыгарганга аракет жасап жатышат
  • Пекиндик кыз көркөм музейде чочколордун статуясын карап турат
  • Кандагардагы операцияда талибдердин желегин жок кылып жаткан Афган спецназы
© AFP 2021 / -
Зыяратчылар мусулмандардын ыйык жайы болгон Меккедеги Каабага келишти.
Быйыл Сауд Аравиясына ажылыкка келүүгө ДССУ бекиткен COVID-19га каршы вакцина менен эмделгендерге гана уруксат берилди

Sputnik Кыргызстан узаган аптадагы кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуш кылат. Анда ажылыктан тарта инновациялык шаарча, купальниктердин көргөзмөсү камтылды.

Францияда 74-Канн кинофестивалы өттү.

Майамиде (США) Miami Swim Week пляж кийимдеринин көргөзмөсү болду.

Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаары курулат. 500 миң киши жашай турган инновациялык шаарды куруу планын президенттин администрациясы жар салды.

Калгари (Канада) шаарында жыл сайын болуучу родео-шоусу өттү.

Түштүк Африкада болгон нааразычылык акциясы башаламандыкка чейин жетти. Демонстрация өлкөнүн экс-президенти Жейкоб Зума камакка алынгандан кийин башталган.

Кандагарда (Афганистан) өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" согушкерлеринин ортосунда согуш жүрүп жатат.

Меккеде (Сауд Аравиясы) Курман айттын алдында ажылык амалдары аткарылып жатат. Быйыл ажылык кылууга ДССУ бекиткен COVID-19га каршы вакцина алган зыяратчыларга гана уруксат берилген.

Германияда суу каптоо болуп, бери дегенде 156 киши каза болду, дагы көпчүлүк жарандар азыркыга чейин дайынсыз болууда.

Москвадагы мамлекеттик Кремль сарайында профессионалдар арасында латын америкалык бий боюнча дүйнө кубогу мелдеши өттү.

Тема боюнча

Буту сынган Макгрегордон тарта өлтүрүлгөн Гаити президентине чейин. Апта ирмеми
Москванын эң сулуу кызы аныкталды. Жарышка чыккан бийкечтердин сүрөттөрү 
Белгилер:
Ажылык, сүрөт, Канн фестивалы, Германия, суу каптоо

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ