КР артисттеринен турган футбол боюнча курама тобу эң чоң күтүүсүз ачылыш болду

© пресс-служба ГАФКиСКыргызстандын артисттеринин курама командасы. Архив
Кыргызстандын артисттеринин курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Израиль оюндун негизги убактысында бир да утулбаган жалгыз командалар болду.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. "Арт-футбол" спорттук-музыкалык фестивалдын эң чоң ачылышы КРдин командасы болду деп билдирет Sputnik кабарчысына кыргыз тобунун расмий өкүлү Елена Соклакова.

"Уюштуруучулар КРдин курамасы бул фестивалда футбол талаасында да, концерт аянтында да чоң ачылыш болгондугун айтып жатышат", — деди Соклакова.

Ал кыргызстандыктар 16-орунду гана ээлейт деген божомолдоолорго карабай, КРдин курама тобу 11-орунду ээлеп, дагы эки дипломду концерттен алганын белгиледи.

"Биринчи орун үчүн дипломду Атай Өмүрзаков мыкты бийи үчүн алды, ал эми Александр Волкодав эң мыкты үнү үчүн экинчи орунга жетти", — дейт команданын өкүлү.

Анын айтымында, Атай Өмүрзаков менен Тынай Алыбаев дүйнөнү курама тобуна кирип, кечирээк "Росич-старкого" каршы гала-матчта ойноду. Матч 2:2 эсеби менен тең бүттү.

"Израиль фестивалдын чемпиону болду. Аталган команда финалда Россияны пенальтинин натыйжасында жеңип алган", — деп билдирди Соклакова.

Кыргызстан менен Израиль оюндун негизги убактысында бир да утулбаган жалгыз командалар болду. Ал тургай Түркия алар менен ойноодон баш тартты дейт ал.

"Биз менен абдан татыктуу жана күчтүү топтор таймашты, бирок биздин команда колунан келбейт дегенди жасашты. Биринчи жолу эле дароо 11-орунга ар ким эле жете бербейт, андыктан КРдин дебюту мыкты болду", — деп чечмеледи кыргыз командасынын өкүлү.

Ал топтун машыктыруучусу Москвада калганын, ал жактан Тель-Авивге учуп кетерин, ал эми балдар өтө чарчагандарына карабай, көтөрүңкү маанайда экенин белгиледи. 

"Албетте, машыгууга убакыттын жетишсиздиги кедергисин тийгизбей койгон жок. Айрым топтор жыл бою даярданышкан да. Жана беш жыл катары менен фестивалга катышып жүргөн топтор да бар. Бирок балдар колдон келгендин баарын жасап, болгон күчүн жумшашты", — деп сөзүн бүтүрдү Соклакова.

Футболдук беттеш: кыргызстандык артисттер Германия менен тең чыкты
"Арт-футбол" спорттук-музыкалык фестиваль 5-14-июнь күндөрү Москвада "Жакшылык туусу астында!" кайрымдуулук акциясынын алкагында өттү. Ал акциянын эл аралык бөлүгү болуп эсептелет жана өзүнүн көлөмү менен уникалдуулугу жагынан дүйнөдө башка оюндарга окшобойт. КРдин атаандашы топ боюнча Германия, Казакстан жана Түштүк Корея болду. Команданы израилдик машыктыруучу, Pro квалификациясына ээ Альберт Соломонов машыктырды.

Быйыл арт-фестиваль бешинчи жыл катары менен өттү. Ага ФИФАнын колдоосу астындагы "Артисттер арасында футбол боюнча чемпионат" деген расмий ат ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0