Пандемиянын курмандыгына айланган мугалимдер
Коронавирус илдети улуттун каймактарын, ар кыл кесиптин ээлерин алып тынды. Булардын арасында бүт өмүрүн балдарга, билим берүүгө арнаган мугалимдер да бар.
"Мугалим – мөмөлүү дарак" дегендей, каза болгон окутуучулардын артында тарбиялап окуткан окуучулары, билим берүү тармагына жасаган эмгеги жана үй-бүлөсү калды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги пандемияда акка моюн сунган мугалимдерди, тарбиячыларды эскерди.
Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматы боюнча, пандемия маалында республикада жалпысынан жогорку жана орто билим берүү мекемелеринен 153 кызматкер каза болгон. Алардын ичинен 34ү мектеп мугалимдери.


Материалга сүрөтү жана ал жөнүндө маалымат табылган 51 мугалим жана тарбиячы камтылды.
Мисирбек Байсубанов
65 жашта
Ош мамлекеттик университетинин окумуштуу катчысы болуп иштеп, 1982-жылдан бери педагогикалык кесипти аркалап келе жаткан.
2008-жылдан тартып ОшМУнун орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабияты кафедрасынын доценти катары көптөгөн адистерди даярдоого чоң салымын кошкон окутуучу.

2020-жылы 20-июлда пневмониянын кесепетинен дүйнөдөн кайтты.
Мисирбек Байсубанов 1955-жылдын 22-январында Өзгөн районунун Ак-Жар айылында туулган.

Светлана Бостонова
64 жашта
Светлана Бостонова 1991-жылдан бери Кара-Суу районундагы угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектебинин (мурдараак интернат тибиндеги бала бакчанын) директору болуп иштеп келе жаткан.
Ал облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө зор салымын кошкон. Эмгек жолун катардагы мугалимдиктен баштап жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн.
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси жана КРдин Ардак грамотасы менен сыйланып, "Эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наамга татыган.

Ал коронавирустан улам 2020-жылы 15-июлда каза болгон.

Светлана Бостонова 1956-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган.

Шадыбек Жумакадыров
70 жашта
Профессор Шадыбек Жумакадыров Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Инженердик жана компьютердик графика кафедрасын 28 жылдан бери жетектеп келе жаткан. Алтымыштан ашык илимий методикалык эмгектин автору, өз ишин мыкты билген иштерман адам эле. Машина куруу, механика тармактарына адистешкен Шадыбек Жумакадыров 1950-жылы 20-декабрда туулган.
Ал 2020-жылы 18-июлда Бишкекте пневмониядан көз жумду.
Нурмира Искакова, 46 жашта
Нурмира Искакова Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Аман Айтпаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими эле.

Анын өткөргөн сабагы, класстык сааттары жаңычыл, маңыздуу өтүп келгендиги менен айырмаланчу. Бир катар Ардак громаталарды алган.

Искакова эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 8-июлда ооруканага жатып, 18-июлда көз жумду. Артында бир кыз, эки уулу калды.
Ал 1974-жылы төрөлгөн.


Алия Калыкназарова
64 жашта
Бишкектеги орто мектептердин биринде англис тилинен сабак берип, 30 жылдык өмүрүн педагогикага арнаган. Араб тилин дагы үйрөнүп жатканы айтылды.

Үч баланы жалгыз тарбиялап чоңойткон.
1956-жылы төрөлгөн Алия Калыкназарова коронавирус дартына кабылып, анын айынан эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 27-июнда каза болду.

Асылбүбү Касымбекова
73 жашта
Асылбүбү эже дээрлик 40 жылдай мугалим болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Эл агартуунун отличниги эле.
1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктап, Нарын шаарында, Жумгал районундагы Доскулу айылынын Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебинде тарых мугалими, интернат башчысы жана мектеп директору болуп иштеген.

Ал эки өпкөсүнөн кагынып "Манас" аба майданындагы госпиталдын обсервациясында (мурдагы "Ганси") жатып, 12-июлда каза болду. Беш баласы жана 23 небереси калды.
Асылбүбү Касымбекова 1947-жылы 26-февралда Нарын облусунун Кочкор районунда Ак-Чий айылында туулган.

Чолпон Майлыбашева
64 жашта
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, билим берүүнүн отличниги болгон.

Улуттук университетте 38 жыл иштеген. Студенттерди алгебра, геометрия, топология жана жогорку математика сабактары боюнча окутчу. 80ден ашык илимий методикалык эмгектин, 19 окуу-колдонмо адабияттын автору эле. Атасы белгилүү математик Маамет Койчумановдун учугун улап келе жаткан.

Чолпон Майлыбашева 1956-жылы 10-январда Ат-Башы районунда туулган. 13-июлда эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза тапты.

Назгул Мамыркулова
39 жашта
Бишкек шаарындагы №26 мектеп-гимназиянын англис тили мугалими болуп иштечү.

Ал үй-бүлөдө алты бир туугандын эң кенжеси. 16 жылдан бери англис тилинен сабак берип, окуучуларынын сүйүктүү мугалими болууга жетишкен.

Кыздарынын улуусу 18 жашта, кичүү уулу 2 жашта эле.

9-июлда пневмониядан улам көз жумган маркумдун артында үч кызы жана кичинекей уулу калды.

Назгүл Мамыркулова 1981-жылы 18-декабрда Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында туулган.

Сайдибаказ Мадумаров
34 жашта
Англис тили мугалими болуп эмгектенип, кесибине чексиз берилген педагог эле. Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде иштеп келе жаткан.

Ал коронавирустун кесепетинен 2-июлда дүйнөдөн өттү.

Сайдибаказ Мадумаров 1986-жылы Кадамжай районунун Майдан айылында туулган.

Маруфат Насыранбекова
50 жашта
Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин директору болуп иштеп турду.

Ооруп жатканына карабай мектебин таштаган эмес. Неберелерин өзү мектепке жетелеп барууну кыялданган экен. Бирок жугуштуу оорудан улам ал тилегине жетпей калган.

Кесиптештеринин эсинде чечкиндүү, ишине так адам катары калды. Маруфат Насыранбекова эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 12-июлда дүйнөдөн кайтты.

Чынара Орозобекова
49 жашта
Политехникалык колледждин директорунун орун басары болчу. Эмгек жолун 1989-жылы мектепте мугалим болуу менен баштаган.

2001-жылдан тартып Раззаков атындагы техникалык университеттин окутуучусу, кийин окуу жайдын Политехникалык колледжинин директорунун орун басары болуп дайындалган.

Чынара Орозобекова 15-июлда пневмониядан улам каза болду. Ал 1971-жылы туулган.

Гүлгаакы Солталиева
64 жашта
Таластагы мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, өмүрү өткөнчө Кара-Балта шаарындагы А. Макаренко атындагы №10 инновациялык жатак-гимназияда кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

Кара-Балта шаарында биринчи толук кыргыз мектеби ачылганда 1992-жылы тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аткарган.

Ал КРдин эл агартуунун отличниги (1993-жыл), Кыргыз тили коомунун "Ыйык тил" төш белгиси (2019-жыл), республикалык, облустук, Кара-Балта шаар башчылыгынын бир нече жолку Ардак грамотасынын ээси.

Артында төрт баласы, неберелери калды. 17-июлда коронавирустан кайтыш болду.

Гүлгаакы Солталиева 1956-жылы 10-апрелде Талас районундагы Чат-Базар айылында төрөлгөн

Асина Ташибаева
79 жашта
Бүт өмүрүн мектепке арнаган физика мугалими болгон. Ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими мамлекеттик наамы ыйгарылган.

2015-жылга чейин Чүй районунун Кошой айылындагы орто мектепте физика мугалими болуп эмгектенген.

Анын окуучулары ар дайым райондук, облустук олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп келчү. Өз кесибин абдан сүйгөн адам эле. Советтер Союзу тарагандан кийин мектептеги физика лабораториясын сактап калууга чоң салымын кошкон.

Асина Ташибаева 6-июлда коронавирустан улам каза болду. Жети баласы, 20 небереси бар.

Ал 1941-жылы азыркы Нарын (Тянь-Шань) районунда туулган.


Айдай Осмонгазиева
53 жашта
Бишкектеги №13 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими болчу.

Жогорку окуу жайында кыргыз класстарына орус тили адистиги боюнча билим алган. Анын мыкты мугалим болгондугун жана окуучуларга кыргыз тилин үйрөтүүдө мыкты жетишкендиктери бар экенин ата-энелер эскерет. Эмгек стажы 20 жыл.

Пандемияда оорудан улам көз жумган мугалимдин артында үч уулу калды.

Айдай Осмонгазиева Ат-Башы районунда 1967-жылы 1-январда төрөлгөн.

Зуурабүбү Сагынбекова
67 жашта
19-июлда "Манас" аба майданынын жанындагы "Семетей" обсервациясында пневмониядан улам жарык дүйнө менен кош айтышкан мугалим баатыр эне да эле. Ал сегиз баланын күйүмдүү энеси болуп баарын эрезеге жеткирген.

Өзү өмүр бою Барскоон орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп, миңдеген окуучуну уядан учурган.

Зуурабүбү Сагынбекова 1953-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында төрөлгөн.

Карыбек Толукбаев
67 жашта
Жарым кылымга жакын билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, "Эл агартуунун отличниги" наамына татыган. Беш баланын атасы.

Өмүрүнүн 44 жылын эл агартууга арнаган мугалим, камкор ата катары ар бир баласын тууруна кондурган соң кете берди.

21-июлда өпкөсү кагынып көз жумган Карыбек Толукбаев 1953-жылы 3-январда Жети-Өгүз районуна караштуу Даркан айылында жарык дүйнөгө келген.

Гүлнара Туташева
61 жашта
Ош шаарынын Сергей Киров атындагы №4 орто мектебинин директору болуп 2010-жылдан бери эмгектенип келе жаткан.

Ал Ош шаардык кеңешинин депутаты Камчыбек Мамбетовдун жубайы эле.

Таланттуу, кайталангыс педагог жана жетекчи болгонун кесиптештери эскеришет.

Гүлнара Туташева эки тараптуу пневмониядан улам 14-июлда өмүрү менен кош айтышты. Ал 1959-жылы туулган.

Кубанычбек Эшбергенов
57 жашта
23 жыл мектепте иштеп, 17 жыл мектеп директору болгон.

Райондук билим берүү бөлүмүнө чуркап жүрүп сегиз жылдык мектепти 10 жылдык кылып, кийин 2007-жылы "Арис" фондунун жана айыл тургундарынын жардамы менен кошумча төрт класстык комплекс салдырган.

Билим берүү жана илим министрлигинин жана президенттин Ардак грамоталарынын ээси, эл агартуунун отличниги болгон.

Ал 57 жаш курагында дүйнө салды. Эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.

Кубанычбек Эшбергенов пневмония менен "Гансидеги" күндүзгү стационарга, андан кийин ооруканага жаткырылып, ошол жерден кайтыш болгон.

Ажаркүл Чыманова
69 жашта
Эл агартуунун мыктысы Ажаркүл Чыманова эмгек жолун 1974-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Д. Иманов атындагы мектепте химия-биология мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

Ал окутуп-тарбиялаган окуучулардын көбү азыр республикада эле эмес, чет өлкөлөргө да таанымал инсандар.

1992-жылдан 2015-жылга чейин жетекчиликтин өтүнүчү менен Ысык-Көл облусунун эң алыскы кыргыз-кытай чек арасына жакын, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан Ак-Шыйрак айылына үй-бүлөсү менен көчүп барып иштеп келген.

Билим берүү тармагына 41 жылын арнаган мугалим 19-июлда эки тараптуу пневмониясы күчөп кетип, кан айланбай калып көз жумду. Артында үч кыз, бир уулу калды.

Ажаркүл Чыманова 1951-жылы 7-майда Көл кылаасындагы Жети-Өгүз айылында төрөлгөн.


Каныбек Эшматов
64 жашта
1973-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, аны 1977-жылы физика-математика адистиги боюнча аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун Куршаб орто мектебинде физика мугалими болуп иштөөдөн баштайт. Билим берүү тармагында мектеп директорлугуна чейин жеткен.

Каныбек Эшматовго өз убагында "Эл агартуунун мыктысы" төш белгиси ыйгарылган.

Ал бир нече долбоор менен алпурушуп, "Билим берүүнү колдоо" фондунун түштүк региону боюнча координатору болуп эмгектенген.

17-июлда коронавирустан улам акка моюн сунду. Артында жубайы, эки уул, үч кызы калды.

Эшматов 1956-жылы Өзгөн районунда туулган.


Зиаул Хак Мусави Шаршенбек уулу
37 жашта
Окутуучу Зиаул Хак Мусави акыркы үч жылдан бери Бишкектеги № 95 мектеп-гимназиясында тарых, адам жана коом сабактарынан билим берчү.

Үй-бүлөдөгү төрт бир туугандын улуусу. Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Аны окуучулары сүйүктүү мугалими катары жакшы көрүшчү.

Зиаул Хак Мусави кырдаалга байланыштуу өзүнүн туулуп-өскөн жеринде атасын карап жаткан.

Акыры коронавирус менен ооруп, 29-июлда 37 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Атасы Шаршенбек дагы 1-августта өпкө кагындан көз жумган.

Шаршенбек Сатыбеков да Чаектеги 26-лицейдин директору болчу.

Зиаул Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында 1983-жылы туулган.


Зейнеп Шамбетова
57 жашта
Чүй районундагы Кош-Коргон айылындагы Т.Кааракеев атындагы орто мектебинин мугалими болуп эмгектенчү.

Пржевальск шаарындагы педагогикалык окуу жайынын башталгыч класстар факультетин 1984-жылы бүтүрүп, 1986-1989-жылдары В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунан жогорку билимге ээ болгон.

Эмгек жолун Кош-Коргон айылынын орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштөө менен баштаган.

Ал райондук, облустук мамлекеттик администрациянын, Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисинин ээси.

1-августта жарык дүйнө менен кош айтышкан педагог үч баланын апасы жана сегиз неберенин чоң апа, таенеси эле.

Ал Чүй районунун Кегети айылында 1964-жылы төрөлгөн.


Чолпон Сайникеева
42 жашта
1994-жылы Калча атындагы орто мектепти аяктаган. Мектепти бүткөндөн кийин эле 1994-1998-жылдар аралыгында өзү окуган мектепке математика сабагынын мугалими болуп кирген.

Ал эми 2017-жылдан баштап Чапаев айылынын А.Жаманбаев атындагы орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштей баштаган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын сүйүктүү энеси болчу. Коронавирустан улам дүйнөдөн кайтты.

Чолпон Сайникеева 1978-жылы 15-январда Чүй районунун Дөң-Арык айылында төрөлгөн.

Сулайман Ван-Хо-Шань
56 жашта
Бир туугандардын онунчусу эле, Бишкек мектеп-интернатын аяктаган.

Атасы өз убагында Кытайда Шаолинь мектебинде окуп, кийин Кыргызстанга көчүп келгендиктен балдарына кунг-фу өнөрүн үйрөткөн.

Ва Хо-Шандын машыктыруучулук кесибин аркалоосуна кунг-фуга болгон кызыгуусу себеп болгон.

Ал 1986-жылы каратэ боюнча дүйнө чемпиону,кармашуу боюнча спорттун чебери болууга жетишти. Каратэ, кунг-фу, таэквондо, кихуб-да боюнча кара курдун ээси жана таэквондо боюнча 1-категориядагы машыктыруучу наамын алган.

Ван-Хо-Шань Сулайман 2009-жылы Токмокко көчүп келип, мугалимдик кесипти аркалоо менен балдарды машыктыра баштаган. Окуучуларынын арасынан 56 спорттун чебери, Азия чемпиондору жана "Ак илбирс" кубогунун ээлерин чыгарган машыктыруучу.

Сулайман 1964-жылы 22-февралда Бишкекте көп балалуу үй-бүлөдө туулган.

Элнура Мурзаева
54 жашта
2012-жылдан бери Бишкектеги №78 мектеп-гимназиясынын директору болуп иштеп келген.

Жогорку окуу жайын орус тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча бүтүрүп, билим берүү тармагына 31 жылдык эмгегин арнаган.

Элнура Мурзаева күйөөсү Уранбек Кубатбеков көз жумгандан кийин инсульт алып, реанимацияда үзүлгөн. Рентген өпкөсүнүн 80 пайызы жабыркаганын аныктаган. Артында эки уулу калды.

Мурзаева 1966-жылы Талас облусунун Ивано-Алексеевка айылында жарык дүйнөгө келген.

Ирина Нефедова
55 жашта
1985-жылдан бери №61 мектеп-лицейинин башталгыч класстарынын мугалими болгон.

Музыкалык педагогикалык училищени башталгыч класстардын мугалими адистиги боюнча аяктап, өмүрүнүн 35 жылын ушул кесипке арнаган эле.

Артында жалгыз уулу калган мугалим 15-июлда пневмониянын кесепетинен улам дүйнө салды.

Ирина Нефедова 1965-жылы Фрунзе шаарында туулган.

Айнура Мусаева
55 жашта
Бишкектеги №69 окуу-тарбия комплексинин орус тили жана адабияты мугалими Айнура Мусаева 2006-жылдан бери аталган мектепте иштеп келген.

Жогорку окуу жайынан мугалимдик кесипке ээ болуп чыккан соң 19 жылдык эмгегин балдарга билим берүүгө арнаган.

Артында эки кызы жана неберелери калды.

Айнура Мусаева пневмонияга кабылып, 14-июлда акка моюн сунду. Ал 1965-жылы 4-майда туулган.

Уулкелсин Калдымолдоева
62 жашта
Бишкектеги №64 мектеп-гимназиясынын физика мугалими 1986-жылдан бери аталган мектепте эмгектенип келген.

Педагогикалык институтта (КЖПИ) окуп, 50 жыл окуучулар менен иштеген. Артында эки баласы калды.

Ал 1948-жылы Талас облусунун Арал айылында туулган.

Жамилия Токтосунова
63 жашта
№148 мектепке чейинки даярдоо мекемесинин директору болуп эмгектенип, 2012-жылдан бери ушул кызматты аркалап келген.

Ага чейин мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп 35 жыл иштеген. Ошондой эле билим берүү тармагында жасаган эмгеги үчүн бир катар сыйлыктарга татыган.

Ал 13-июлда дүйнөдөн кайтты, артында бир уул, бир кызы калды.

Жамилия Токтосунова 1957-жылы Ысык-Көл облусунун Михайловка айылында туулган.

Айзада Ашырова
45 жашта
2014-жылдан бери №22 балдар бакчасынын чарба иштерин жетектеп келген Айзада Ашырова да пандемия маалында коронавирустан улам каза болду.

Ал Политехникалык институтту сүрөтчүлүк адистиги боюнча аяктаган. Бул жаатта он жылдык эмгек стажы бар. Артында үч кызы калды.

Ашырова 1975-жылы Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн.

Ирина Петрова
59 жашта
№118 балдар бакчасынын тарбиячысы Ирина Петрова 1992-жылдан бери бөбөктөргө таалим-тарбия берип келген.

Өмүрүнүн 28 жылын балдарга арнаган тарбиячынын артында эки уулу калды.

Ал 1961-жылы Фрунзе шаарында туулган.

Камбарбек Казаков
53 жашта
№55 орто мектептин директорунун чарба иштери боюнча орун басары Камбарбек Казаков бул кызматта 2017-жылдан бери иштеп келген.

Кыргыз мамлекеттик университетин тарых адистиги боюнча аяктаган. Пандемияда көз жумган Казаковдун артында төрт баласы калды.

Ал 1967-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган.

Айзирек Токтосунова
38 жашта
№9 окуу-тарбия комплексинде биология мугалими болуп иштеп, 2016-жылдан бери аталган мектепте эмгектенген.

ОшМУнун медицина факультетин бүтүргөн. 15 жылдык эмгек стажы бар.

Токтосунова 1982-жылы Новосибрск шаарында төрөлгөн.

Турум Барктабасова
69 жашта
Чүй облусунун Он бир жылга айылындагы Абдыкары Керимбаев атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты, адеп сабагынан мугалим болуп иштеген.

1967-1972-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде билим алган.

1974-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин аталган мектепте сабак берип келген.

Республикалык кароо-сынактарга катышып, илимий-методикалык гезит жана журналдарга ондогон методикалык материалдары жарыяланган. 1990-жылы "Улуу мугалим", 1989-жылы "Кыргыз ССРинин элге билим берүү отличниги" наамдарын алган.

19-июлда коронавирустан улам каза болгон маркум төрт баланын апасы жана 12 неберенин чоң апа, таенеси эле.

Турум Барктабасова 1951-жылдын 10-мартында Ысык-Көл районунун Коңур-Өлөң айылында туулган.

Элмира Шаршенова
55 жашта
1986-жылы Тоолуу Алтай педагогикалык училищесин аяктаган мугалим бүт өмүрүн балдарга билим берүүгө арнаган.

1995-жылы Аламүдүн районунун Гроздь орто мектебине кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп орношуп, акырына чейин иштеп келген. Педагогикалык стажы 25 жыл.

Мыкты уюштургуч, өз адисинин чебери болгондуктан райондук жана облустук деңгээлдеги грамоталар жана 2016-жылы КРдин Ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ардактуу мугалим 8-июлда пневмониядан көз жумду.

Ал 1965-жылы 30-апрелде Кант районунун Куйбышев айылында төрөлгөн.

Нура Дайралиева
Пржевальскидеги педагогикалык училищени 1976-жылы, Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин 1983-жылы аяктаган.

Педагогикалык ишин Ак-Жар айылына караштуу орто мектептен баштаган.

Ал өз учурунда Саадаш Абдылдаев атындагы орто мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары жана мектеп директору кызматтарын аркалаган.

Көп жылдык эмгеги үчүн "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

Нура Дайралиева 17-июлда коронавирустан улам кете берди.

Ал Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган.

Райкүл Сыдыкова
58 жашта
1979-1984-жылдары КМУУнун тарых факультетин аяктагандан кийин педагогикалык эмгек жолун Сокулук районуна караштуу Белогорка орто мектебинде баштаган.

Кийин Дүйшөнкул Шопоков атындагы орто мектепте тарых жана география мугалими, ошону менен бирге директордун тарбия иштери боюнча орун басары кызматын аркалап келген.

Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

Бир уул, бир кыздын энеси Райкүл Сыдыкова 15-июлда коронавирустун кесепетинен өмүрү менен кош айтышты.

Ал Талас районунун Чат-Базар айылында 1962-жылы туулган.

Айчүрөк Самакова
67 жашта
Нарын шаарындагы П.Чкалов атындагы №2 орто мектебин аяктаган соң, 1968-жылы Нарын медициналык окуу жайынан окуган.

1975-1981-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн.

Самакова 1997-жылдан бери №2 мектеп-гимназиясында директорлук кызматка келип, өмүрүнүн акырына чейин эмгегин ушул билим уясына арнаган.

Ал жетектеген мектеп 2007-жылы «Даӊк» медалына, 2009-жылы мектеп-гимназия макамына ээ болгон. Ал эми 2010-жылы Республикада «Шаардын эӊ мыкты мектеби» номинациясын утуп алган.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Карганбек Самаковдун бир тууган эжеси Айчүрөк Самакова 7-июнь күнү кечинде көз жумган. Ага чейин анемия менен да жабыркап келген. Кан басымы өтө жогору болуп, эки тараптуу пневмониядан улам кайтыш болгондугу айтылды.

Ал 1953-жылы 2-июнда Нарын шаарында төрөлгөн.

Турдубай Майрыков
61 жашта
Токтогул атындагы №1 орто мектебин 1976-жылы аяктап, 1988-91-жылдары И.Арабаев атындагы педагогикалык институтунун башталгыч класстарынын мугалими факультетин бүтүргөн.

Ал 1988-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Нарын шаарындагы А.Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектепте технология мугалими болуп иштеди.

Турдубай Майрыков Билим берүү жана илим министрлигинин «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин жана бир катар грамоталардын ээси.

Ал 3-июлда коронавирустан улам каза болду.

Майрыков Турдубай 1959-жылы 31-майда Нарын шаарында туулган.

Ибрагим Тотонов
63 жашта
1980-жылы Оштогу педагогикалык окуу жайынын фортепиано бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун "Новый Мир" орто мектебинде музыка мугалими болуу менен баштаган.

Ал 1987-жылдан 2020-жылга чейин ушул эле райондогу А.Төрөгелдиев атындагы орто мектепте иштеп келген. Жалпы педагогикалык иш стажы 40 жыл.

Билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн "Билим берүүнүн мыктысы", "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгилери менен сыйланган.

Үч кыздын атасы Тотонов 24-июлда пневмониядан улам кайтыш болду.

Ал 1957-жылдын 1-мартында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Красный Маяк айылында туулган.

Жумагүл Садыкова
57 жашта
1984-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктаган.

Алгачкы педагогикалык эмгек жолун Алай районундагы М.Адышев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөө менен баштаган. Кийин Парманас орто мектебинде директор да болуп эмгектенген.

Президенттин Ардак грамотасы менен биргеликте бир катар сыйлыктардын ээси болгон. Ошондой эле "Шайыр апалар" сынагына да Алай районунун атынан активдүү катышып келген.

Ал 1963-жылы 11-январда Алай районунун Гүлчө айылында туулган.

Бузайнап Мамытова
60 жашта
Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин сырттан окуп, аны 1985-жылы бүтүргөн.

1988-жылдан бери Арстаналы Осмонбеков атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келген. Педагогикалык стажы 35 жыл.

Билим берүү тармагындагы ийгиликтери үчүн 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 2019-жылы "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

Оорудан улам дүйнөдөн кайткан Бузайнап Мамытова 1960-жылдын 25-августунда туулган.

Розухан Сатарова
59 жашта
1984-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун педагогика факультетин аяктаган. Эмгек жолун №1 Ленин жолу орто мектебинде башталгыч класстын мугалими катарында эмгектенип баштаган.

№39 "Жетиген" балдар бакчасынын директору жана ошону менен бирге №37 Токтоболотов атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген.

Розухан Сатарова райондук деңгээлдеги Ардак грамоталардын жана Билим берүү министрлигинин "Эл агартуунун мыктысы" төш белгисинин ээси.

Ал бир уул, үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн. 25-июль күнү 59 жаш курагында коронавирус илдетинен улам дүйнө салды.

Розухан Сатарова 1961-жылы 2-январь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Рахманжан колхозунда жарык дүйнөгө келген.

Тажимахамат Абдугапиров
57 жашта
№1 Мадумар – Ата атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

Тажимахамат Абдигапировдун жалпы эмгек стажы 34 жыл, "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

Ал COVID-19 инфекциясынан улам 2020-жылдын 31-августунда кайтыш болду.

Абдугапиров Сузак районунун Сузак айылында 1963-жылы 6-майда туулган.

Ибадат Касымбекова
71 жашта
№10 Көгарт жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ибадат Касымбекова да коронавирустан улам көз жумган.

Ал "Улуу окутуучу", "Эл агартуунун отличниги", "Тажрыйбалуу мугалим" наамдарынын ээси болгон. Жалпы эмгек стажы 52 жыл.

Касымбекова 10-июлда коронавирустун кесепетинен дүйнө салды.

Ал Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Катыраңкы айылында 1949-жылы 10-октябрда туулган.

Ибраим Мамырканов
60 жашта
1977-жылы Тогуз-Торо районунун Фрунзе (азыркы Азамат уулу Калдыбай ) атындагы орто мектебинде мугалим катары эмгек жолун баштаган.

Ушул аралыкта бир нече орто мектепте музыка мугалими болуп иштеп, райондук деңгээлдеги маданий иш-чараларды уюштурууга активдүү катышып келген.

Ал 11-июль күнү COVID-19 инфекциясынан улам каза болду.

Ибраим Мамырканов 1960-жылы 26-июнда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган.

Айымбүбү Төлөгөнова
68 жашта
1974-жылы В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунан мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти адистигине ээ болгон. Эмгек жолун 1972- жылы Тогуз-Торо балдар бакчасында тарбиячы болуу менен баштап, директорлукка чейин көтөрүлгөн.

Айымбүбү Төлөгөнова талыкпаган эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарды алган, атап айтсак: Тогуз-Торо районунун "Ардактуу тарбиячысы", "Билим берүүнүн мыктысы", "Профсоюз кыймылынын мыктысы" төш белгилеринин, Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун, Билим берүү жана илим министрлигинин, КРдин өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталарынын ээси болгон.

Ал 6-июлда коронавирустан улам көз жумду.

1952-жылы 1-февралда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган.

Тамара Бослер
57 жашта
Ал 1981-жылы мектепти аяктаган соң Фрунзе политехникалык институтунун инженер-куруучу факультетине кирген.

Бослер 1983-жылы эмгек жолун №2 жалпы билим берүү орто мектебинде мугалим болуп баштаган. 2008-жылы сентябрь айында Балдар чыгармачылык үйүнө директор болуп дайындалган.

Ушул жылдын июль айында коронавирустан улам каза болду.

Ал 1963-жылы 10-октябрда Ош облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган.

Элиза Сейитбекова
39 жашта
2006-2007-окуу жылында №7 Кожобек Кузембаев атындагы гимназия класстары бар жалпы билим берүү орто мектебинде математика мугалими болуп эмгек жолун баштаган. Ал Жалал-Абад мамелкеттик университетинин Экономика бөлүмүнүн бухгалтердик эсеп жана талдоо адистигин аяктаган.

Билимин өркүндөтүү максатында педагогика жаатында да билим алган.

2018-жылы шаар ичиндеги "Жылдын мыкты мугалими-2019" сынагына катышып, баш байгени жеңип алган. Облустук "Жылдын мыкты мугалими" сынагына жолдомо алып, анда "Жылдын мыкты сабагы" номинациясында жеңүүчү болгон.

Жалпы эмгек стажы 12 жыл. Ал бир уул, үч кыздын сүйүктүү апасы эле.

Элиза Сейитбекова 1981-жылы 19-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар айылында жарык дүйнөгө келген.

Карамат Осмонова
68 жашта
1974-жылы М.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун чет тилдер факультетин аяктаган.

Эмгек жолун В.И.Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. Ардактуу мугалим өз өмүрүндө орто мектептин жана бала бакчанын директору болууга жетишкен.

Ал 27-июль күнү коронавирустан улам каза болгон.

Карамат Осмонова 1952-жылы 25-мартта Ноокат районундагы Жал айылында туулган.

Гүлнара Гөбөева
59 жашта
1984-жылы Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөн. 1986-жылы Кара-Суу районуна караштуу №28 Учар орто мектебинде англис тили мугалими болуп эмгек жолун баштаган. Окуучуларга билим берүүдө каада-салт, үрп-адатка басым жасоо менен элдик педагогиканын негизинде билим берип келди.

Мектепте мыкты ачык сабактарды уюштуруп, коомдук иштерге активдүү тартылгандыгы үчүн бир катар райондук, облустук Ардак грамоталар менен сыйланган.

Артында эки уул, бир кызы калган мугалим 13-июлда коронавирустан улам көз жумду .

Гүлнара Гөбөева 1961-жылы 11-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

Чолпон Абдрахманова
59 жашта
1984-жылы Каракол шаарындагы Мамлекеттик педагогикалык институттун биология–география факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында Жумагул Алышпаев атындагы орто мектепте мугалимдиктен баштап, өмүрүнүн акырына чейин иштеген.

Милдетин мыкты аткаргандыгы үчүн "Эл агартуунун мыктысы", "Эл профсоюзунун отличниги" наамдарына татыктуу болгон.

Өмүрүнүн 36 жылын билим берүүгө арнаган Чолпон Абдрахманова 2-августта Каракол шаарындагы ооруканада коронавирустан улам кайтыш болгон.

Ал 1961-жылы 28-сентябрда Жети-Өгүз районунда туулган. Артында эки уул, эки кызы калды.
Автор
Автор: Нурайым Рысмамбетова

Фото
Билим берүү министрлигинен, каза болгон мугалимдердин жакындарынан алынды
Danish Siddiqui

Дизайнер
Евгений Волохов