Covid-19
Кыргызстандагы апаат россиялык врачтардын көзү менен
Беш баян
Covid-19
Кыргызстандагы апаат россиялык врачтардын көзү менен
Беш баян
Таң заардан иш баштоону эч кимдин кыртышы сүйбөсө керек. Биз, журналисттер деле, ошол. Бирок бул ирет эч ким күбүрөнүп-сүйлөнбөдү. Түндүн бир оокумунда, тагыраак, 3.30да ойгонуп, "Манас" аэропортуна бармак болдук. Өлкөдө кырдаал өтө олуттуу, мындайда таттуу уйкунун бузулганына ким кейимек?..

Учак көрүндү. Акыры белгиленген тилкеге россиялык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын борту келип конду. Андан кай бири жеңил футболка, айрымдары жылуу күрмө кийген, бирок баары тегиз бет кап тагынган кишилер түшө баштады. Анткени алар — дарыгерлер, сактануу эрежелерин так билишет. Капыстан "Кош келиңиздер!" деген эркек кишинин үнү жаңырды. Катарыбызда турган журналисттердин бири экен, чыдамы кетип, кыргыз жергесине аяк баскан дарыгерлерге өзү салам айтууну чечти көрүнөт. Андан башка кесиптештерибиз да өрнөк ала саламдашып, ыраазычылыктарын билдирип киришти. Бет кап тагынган врачтардын жылмайганы көздөрүнөн байкалып турду... Бул жакта аларды илгери үмүт менен күтүп жатышканын түшүнүштү.
Бир аз мурун эле Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал мынчалык көзөмөлдөн чыгып кетерин эч ким элестете да алган эмес. Илдетке кабылгандардын алгачкылары март айында эле катталган. Анда республика кооптуу инфекцияга туруштук берүүгө толук даярдай эле сезилген. Бүт өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, ал эми айрым аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. Бишкек жана Ошто санитардык блокпосттор коюлуп, азык-түлүктөн бөлөк бардык дүкөндөр жабылган эле.

Бирок бир айлык карантин өлкөнүн экономикасын катуу алсыратып койду. Мисалы, апрелде сооданын көлөмү 40 пайызга кыйрап, республикалык бюджеттин кирешеси 42 пайызга кыскарган. Ресторан жана мейманкана бизнеси таптакыр эле чөгүп, былтыркы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 86 пайызга төмөндөп кеткен.

Карантин жоюлганда көпчүлүк терең дем алып, коркунучтун баары артта калгандай туюлган. Кыргызстан жеңил кутулду, өлүм саны аз деп ойлошкон. Бирок июндун башында илдетке кабылгандардын саны кескин өсүп, ал эми июлда коллапска кабылдык.
Ооруканалар тез эле толуп, медициналык мекемелердин астанасында дем жетпей кыйналган адамдар жайнай баштады. Дары-дармек дароо тартыш боло түштү.
Россия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө кандай жардам берди
69
Кыргызстанга 69 россиялык медик келди
205 млн
сомдук жабдуу менен дары-дармек жеткирилди
Кыргызстанга келген каражаттар:
31
жасалма дем алдыруучу аппарат
5
рентген-аппарат
70
керебеттин жанына коюлуучу монитор
105 000
изилдөө жүргүзүү үчүн тест-системанын 1 300 топтому
125 000
бет кап
24 100
коргоочу комбинезон
Булак: Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги
Дарыканалардан сатып алууга да мүмкүн болбой баратты, ал эми алып сатарлар бааны эселентип, ыксыз көтөрүп салышты. Баарынан кооптуусу — врачтар жапырт ооруй баштады. Август айынын башында коронавируска кабылган медицина кызматкерлеринин саны 3 миңге жетти, 73 саламаттык сакчысынан айрылып калдык. Алты миллион калкы бар республика үчүн бул — өтө чоң жоготуу.

Илдетке каршы күрөшкө медициналык окуу жай жана факультеттердин жүздөгөн студенттери, ординатор жана ыктыярчылар жардамга келишти, бирок дасыккан дарыгерлер жетишпей турду. Дал ушул себептен, россиялык врачтардын келиши Кыргызстандын чочулап турган калкынын ишенимин жандырды. Ага кошумча, РФтен тонналаган дары-дармек, биздин өлкө муктаж болуп турган жасалма дем алдыруучу аппарат, рентген аппараттары жана башка жабдуулар алып келинди.

Кыргызстандыктарды куткаруу үчүн миңдеген чакырым жол басып келген беш дарыгер менен баарлашып, бул кадамга аларга эмне түрткү болгонун тыңдадык.
1
Лилия Козыреванын баяны
1
Лилия Козыреванын баяны
Россиялык медиктер Кыргызстанда кандай жагдайда иштешкенин түшүнүү үчүн аба ырайын салыштыруу деле жетишерлик. Маселен, Уфада, бизге келген врачтардын басымдуу бөлүгү дал ушул жактан, учурда +13 градус болсо, Бишкекте соңку апталарда 37ден төмөн түшкөн жок. Өлкөнүн түштүк аймагы мындан да аптаптуу экенин айтып улутунушту россиялык дарыгерлер. Анткени докторлор нөөмөтүнүн көп бөлүгүндө жеке коргоочу костюм кийүүгө милдеттүү эмеспи. Ошентсе да пульмонолог Лилия Козырева белгилегендей, дал ысык климат кыргызстандыктарды өпкөнүн көп көйгөйлөрүнөн сактады.
Лилия
Козырева
пульмонолог
"Бизде, Уралда, кыш абдан катуу, өнөр жай да өнүккөн. Дем алуу органдарынын оорулары бул жактагыдан алда канча жогору. Мурда астма азабын тарткандар Орто Азияга көчүп кетишчү, анткени мындай аба шартында оору азыраак кармайт", — деди ал.
Дал ушул себептен, республикада пульмонологдордун саны өтө аз эле. "Коронавируска чейинки доордо" кыргызстандык дарыгерлердин арасында бул адистикке талап дегеле болгон эмес. Качан гана өлүмгө тушуктурчу COVID-19 вирусу каптаганда, пульмонологдор зарыл экени анык болду.

30 жылдык тажрыйбасы бар пульмонолог Лилия Козыреванын пайдасы көп тийди. Бир нече жуманын ичинде эле ал Кыргызстандын дээрлик бардык облустарын кыдырып чыгууга үлгүрдү. Кесиптештерине тажрыйбасы менен бөлүштү.
"Сиздердин дарыгерлерге канчалык кыйын экенин түшүнөбүз. Алар клиникалык белгилердин негизинде гана диагноз коюп жана динамиканы баалоого аргасыз. Себеби көптөгөн анализди жүргүзүү, тесттерди жасоо мүмкүн эмес. Анан калса, дары каражаттары да чектелген шартта бейтапты оор абалдан чыгаруу эки эсе татаал", — деп баса белгиледи врач.
Компьютердик томография аппараттарынын жетишсиздиги да жагдайды ансайын курчуткан, аларсыз так диагнозду коюу оңой эмес. Доктор айым түшүндүргөндөй, рентген да өпкөдөгү бардык өзгөрүүлөрдү аныктай албайт.
"Россияда диагноз сөзсүз түрдө КТ жыйынтыктарына жараша коюларына көнүп калгам, анткени өйдөңкү дем алуу жолдорундагы вирустун издерин аныктаган ПЦР-диагностика да дайым эле так боло бербейт. Дүйнөлүк статистикага ылайык, мындай учурда 60 пайыз гана так аныкталып, ал эми 40 пайызында ПЦР вирусту таба албай калат", — деп белгилейт Козырева.
Коронавирустук инфекцияга кабылып, сакайган кыргызстандыктардын көпчүлүгүндө антитело табылбаганы туурасында да пикирин билдирди.
"Ал түгүл бейтаптар менен байланышта болгон менин кесиптештеримдин айрымдарында да антителолор табылган жок. Азырынча бул биз үчүн түшүнүксүз көрүнүш. Балким антителолор жөн гана пайда болууга үлгүрбөдү же алар абдан аз санда. Бул — алдыда изилдене турган нерсе. Антителолор пайда болгон кишилерде деле алар бир-үч ай аралыгында гана сакталууда. Андан кийин эмне болору да бизге дайын эмес. Илдетти кайталап жуктуруп алуу учурлары бизге белгисиз", — деди медик.
Козырева жергиликтүү бейтаптардын көз караштарына катуу таасирлениптир. Кыргызстандыктардын ооруну чыдамкайлык, сабырдуулук менен көтөрүп, жашап кетүү үчүн жаны кыйналып турганына да карабай баарын так аткарганы менен айырмаланарын белгиледи.
2
Константин Золотухиндин баяны
2
Константин Золотухиндин баяны
Уфада анестезиолог-реаниматолог Константин Золотухин эмгектенген клиникадагы 6-апрелдеги суук кабар бүт дүйнөгө тарайт. Республикалык клиникалык ооруканада кант диабетинен жабыркап жүргөн улгайган бейтап COVID-19дан көз жумат. Дароо катаал карантин киргизилип, бейтаптарга жана медициналык персоналга эки апталык мөөнөткө оорукананын аймагынан чыгууга тыюу салынат.

Золотухин да таңда жумушка келип, 14 күн үй бетин көрбөй турганын түшүнгөн врачтардын катарында эле. Ошол күндөрдү эскериш кыйын экенин жашырбайт.
Константин
Золотухин
анестезиолог-реаниматолог
"Ооруканада 600дүн тегерегиндеги бейтап жана болжол менен 400 медицина кызматкери бар эле. Абдан түйшөлткөн учур болду, бирок биз аны татыктуу жайгара алдык. Ошол окуя туурасындагы жаңылык бир топ өлкөгө тарады... Врачтар жабык ооруканадан чыкпай, бейтаптарды дарылап, медициналык персоналдын коопсуздугу үчүн да болгон күчүн жумшаган", — деп баяндады Золотухин.
Бул илдет менен күрөшүүдөгү ошол тажрыйбасынан соң врач Кыргызстанга келүүгө дароо эле макулдугун берген.
"Өлкөңүздөргө келип, кесиптештер менен тажрыйба алмашуу мени абдан кубандырды. Кыска убакыт аралыгында эле меймандос, сылык, ак көңүл адамдарды көп кезиктирдим. Кесиптештер, жаңы тааныштар кеп-кеңеши менен жардамдашууга, көйгөйдүн чечилишине түрткү берүүгө дайым даяр", — деп белгиледи доктор.
Кол кабыш кылууга келген россиялык медиктерди кырдаал курчуп турган жактарга бөлүштүрүшкөн. Константин Золотухин Бишкекке бөлүнгөн, себеби эпидемиянын алгачкы соккусуна дал борбор калаабыз кабылбадыбы.
"Жасалма дем алдыруучу аппаратта беш күн жаткан бейтапты өтө оор абалдан чыгара алдык. Ушул тапта өз алдынча дем алып, тамак татып калды. Эмнеге ушул учурга көңүлүңүздөрдү бургум келгенин түшүндүрөйүн. Иш жүзүндө өпкөнү жасалма дем алдыруу оорунун өтүшүн кыйла татаалдатат. Жасалма дем алдыруучу аппарат өз алдынча дем ала албай калгыдай деңгээлде өпкөсү жабыркаган, оор абалдагы бейтаптарга тагылат. Ошондуктан мындай аппараттан чыгарылган ар бир бейтап өзгөчө көңүл бурууга татыктуу", — деп белгиледи Золотухин.
Дарыгер көптөгөн кыргызстандыктар социалдык абалынан улам илдеттен тийиштүү түрдө коргоно албаганына кейиди.
"Үй-бүлөсүн багууга аргасыз бейтаптарды көп көрдүм. Эти ысып, жөтөлүп, респиратордук оорулардын белгилери ачык байкалып турганына карабай алар иштей беришкен. Андай адамдар ооруканага абдан оор абалда келишти", — деди врач.
Константин мырза да кыргызстандыктардын кулагына күн сайын куюлуп келе жаткан эле кеңештерди кайталады. Себепсиз тышка чыкпоо, айланадагылар менен байланышты азайтуу, антисептик колдонуу жана коргоочу бет кап тагынууну эстен чыгарбоого чакырды.
3
Радик Надыргуловдун баяны
3
Радик Надыргуловдун баяны
Башкырдык анестезиолог-реаниматолог Радик Надыргулов өлкөнүн түштүк борбор калаасына туш болгон. Дарыгер Оштогу оор абалдагы бейтаптарды ажалдан арачалоого тырышты.

Бир убакта өзү да медицинанын күчү менен аман калган. Наристе кезинде сокур ичегисин алдырган операциянын оор кесепетинен врачтар тиги дүйнөнүн оозунан сууруп алышкандай эле болгон.

Надыргулов Кыргызстанга келерден мурун жергиликтүү врачтар менен иштешип кете аламбы деп чочулаганын моюнга алат. Кудай жалгап, чочулаганындай болбоду.
Радик
Надыргулов
анестезиолог-реаниматолог
"Биздин топ келген маалда Ош облусу COVID-19га кабылган бейтаптардын саны боюнча алдыңкы сапта экен. Оор абалдагылар да көп эле. Ишке 24-июлдан тарта кириштик, бизди абдан жылуу тосуп алышты. Ушундай кыска эле убакытта жергиликтүү врачтар менен тил табышып иштешип кеттик", — деп ой бөлүштү россиялык медик.
Реаниматолог дарылоонун интернетте тараган жалган протоколдору көп көйгөй жаратканын, аларда болбогон нерселер жазылганын түшүндүрдү.
"Бизге он күндөн бери илдет абдан активдүү формада өтүп жаткан бейтап келди. Ошончо күн ал интернеттеги кеңештер менен дарылана бериптир. Антибиотик, канды суюлтуучу препараттар, гормондор аралашкан. Ал киши өз алдынча инфузиялык терапияны, башкача айтканда, тамчылатма ийнени баштап алган. Абалы кескин начарлаганда гана медиктерге кайрылыптыр", — деп белгиледи Надыргулов.
Өзү билип дарылана берүү көп учурда абалды начарлатып жиберерин белгилеген врач кыргызстандыктарды адистерге гана кайрылууга үндөйт.
4
Сергей Клявлиндин баяны
4
Сергей Клявлиндин баяны
Уфалык анестезиолог-реаниматолог Сергей Клявлин бир жыл мурун үйлөнүптүр. Бирок ошол убактан бери дээрлик үй бетин көрбөй иштеп келерин айтат.
Сергей
Клявлин
анестезиолог-реаниматолог
"Пандемияга чейин республикабыздын алыскы аймактарында иштедим, ал жактарда реаниматологдор жетишсиз. Апрель айынан ушул күнгө дейре COVID-госпиталдарында кызматтамын. Кыргызстанга бир айга кетеримди укканда, албетте, жубайымдын көңүлү чөкпөй койбоду. Бирок ата-энем "иш деген – иш" дешти. Бул кесипти тандаган соң колубуздан келгендин баарын аткарууга милдеттүү экенибизди өзүм да жакшы түшүнөм", — деп билдирди врач.
Анын профессионалдык тажрыйбасы кичи мекенинде гана тургай, Карачаево-Черкессияда да пайдасы тийди. Доктор Клявлин ошол жактагы да кесиптештерине коронавирус менен күрөшүүдө көмөктөшүп келген. Андан кийинки иш сапары эле Кыргызстан болуптур.
"Абдан жооптуу милдетти артындык. Биз бул күрөштө эң алгач тамырлаш калкка кол сунуп турабыз. Себеби кыргыздар — башкырлар менен татарларга бир тууган эл. Анан да биз бул жакта Россия Федерациясынын атынан келдик, бул дагы биз үчүн чоң сыймык, кубаныч тартуулабай койбойт", — деди Клявлин.
Өлкөдөгү өзүн таң калтырган өзгөчөлүктөрдү да атады. Биринчиден, кай убак болбосун көмөктөшүүгө даяр ыктыярчылардын көптүгүнө сүйүнүп, экинчиден, кыргызстандык медиктердин ынтымагына суктанганын айтат.
"Биз туш болгон бөлүмдүн башчысы — дасыккан дарыгер эле эмес, кол алдында иштегендердин арзуусуна татыган уюштургуч киши экен. Медицина кызматкерлери анын айтканын айткандай аткарып турушту", — деди дарыгер.
5
Булат Бакировдун баяны
5
Булат Бакировдун баяны
Илимдин доктору Булат Бакировдун ушул иш сапары кандайдыр бир деңгээлде жолдуу болгондой. Уфадан келген бул дарыгер Караколго бөлүнгөн. Жайы салкын, өлкөнүн бермети болгон Ысык-Көл жапжакын. Анткен менен табияттын кооздугуна суктанууга россиялык врачтардын чолосу деле тийбеди. COVID-19 жуктурган оор абалдагы бейтаптарды сактоо милдетин алар бир саамга да эстен чыгарышпады.

Бакировдун айтымында, оорукана төрт дубал, керебеттер жана медициналык жабдыктар менен гана оорукана атыгып калбайт, анда иштеген врачтар менен ушундай жайга айланат. Ал эми Кыргызстанда бул жагынан абал көңүлдөгүдөй эмес.
Булат
Бакиров
илимдин доктору
"Караколдо Бишкектен бир айга барган ординаторлор иштеп жатышыптыр. Биз алардын даярдыгынын деңгээлине кубандык. Саламаттык сактоо тутумубуз жана COVID-госпиталынын ишинин уюштурулганы менен таанышууга бул жактагы студент жана ординаторлорду Башкыр мамлекеттик медициналык университетинин клиникасына чакырабыз", — деп билдирди врач.
Эң оор күндөр артта калдыбы?
Эң оор күндөр артта калдыбы?
Кыргызстанда коронавируска жаңы кабылгандардын саны күн сайын азайып барат, өлүм саны да кыскарды. Бейтаптар азайганы — утурумдук стационарлар жабылып, компьютердик томографияга узун кезек күтмөй токтоду.

Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов кыргызстандык врачтар россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашуусу, үйрөнгөнү бат болгонун белгиледи.
Евгений
Кустов
Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары
"Биз эпидемияга каршы иш-чараларды туура өткөрүү боюнча сунуштарыбызды бердик, бирок жергиликтүү врачтардын COVID-19ду дарылоону мыкты өздөштүрүшкөнүнө күбө болдук. Биз барган медициналык мекемелерде дары-дармек жана медициналык жабдыктар жетиштүү экен", — деди Кустов.
Россиялык врачтардын ишин өз кезегинде КР премьер-министри Кубатбек Боронов да жогору баалады. Министрлер кабинетинин башчысы алардын оор күндөрдөгү колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
"Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан өлкөгө келип, сунуштарын аябай, бейтаптарды дарылоого көмөктөшүшкөн медициналык адистерге терең ыраазычылык билдирем. Ушундай жоопкерчиликтүү ишмердигиңиздерде ийгилик жана бекем ден соолук каалайм", — деп билдирди Боронов.
Адистер жагдай жакшырганы менен көңүлдү жайгарууга али эрте экенин эскертип өтүштү. Алардын айтымында, жарандар мурдагыдай эле бет кап тагынып, эл көп топтолгон жерден оолактап, социалдык аралыкты сактоого тийиш.
Авторлор
Асель Минбаева, Светлана Федотова, Карина Разетдинова

Фото
Табылды Кадырбеков

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев
Жаңылыктар түрмөгү
0