Бүт дүйнө сүрөп, алкаган!
Олимпиада-80де даңаза болгон 8 кыргызстандыктын баяны
Бүт дүйнө сүрөп, алкаган!
Олимпиада-80де даңаза болгон 8 кыргызстандыктын баяны
Кыргызстандык спортчуларга чоң жеңиштерди тартуулаган Олимпиада-80 ири жаңжал менен башталган. Дүйнөдөгү эң масштабдуу окуядан жарым жыл мурун америкалык президент Жимми Картер социалисттик өлкөдөгү алгач ирет өткөрүлүп жаткан олимпиадалык оюндарга бойкот жарыялайт. Буга Афганистанга советтик жоокерлердин киргизилиши шылтоо болгон. Бойкотту 65 өлкө, анын ичинде Канада, Япония, Кытай, Австрия жана ФРГ да колдоп чыккан.
Батыш мындай кадамы менен москвалык Олимпиада экинчи сорттогу иш-чарага айланат деп үмүттөнгөн эле, бирок алардын тилегин таш капкан. Бойкот жарыялаган мамлекеттерден өз туусун көтөрбөсө да, улуттук олимпиада комитеттеринин желегин желбирете баары бир Москвага бир топ спортчу келген. Ошентип спорттук таймаш сүрөттөп бүткүс деңгээлде өткөн.

16 күндүк олимпиадада 36 дүйнөлүк жана 74 олимпиадалык рекорд коюлган. Айрымдары кыргызстандыктарга таандык. Олимпиада – 80дин чыныгы жылдыздарына айланган сегиз кыргызстандык спортчу тууралуу баян этмекчибиз.
Александр Мелентьев
тапанчадан ок атууда алтын медалдын ээси
Александр Мелентьев
тапанчадан ок атууда алтын медалдын ээси
Москванын асманы бүркөк таңы эле. Мытищедеги бута атуу жайында четөлкөлүк басма сөз чогулуп калган. Ананчы, ал күнү алгачкы медаль топтому ойнотулмак!

Фрунзелик, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун бүтүрүүчүсү, 25 жаштагы машыктыруучу-окутуучу Александр Мелентьевдин көңүлү тынч эле.

Шашпай керилип-чоюлду, андан кийин 30 спортчу ок атууга киришти. Жамгыр жаап турган, көрүүчүлөргө буталар дээрлик көрүнгөн деле эмес. Александр биринчилерден болуп – 1 саат 41 мүнөттө аяктайт. Бул убакыт жаңы дүйнөлүк рекорд коюуга жетиштүү эле. Александр өзүнүн укмуштай жыйынтыгын – мүмкүн болгон 600 упайдан 581ге ээ болгонун көргөндө "мынчалык эмне тырышкам?" деп таң калган.
Ошентсе да Александрдын аракети текке кетпеген. Ошол жолку оюндан 34 жылдан кийин, тагыраак, 2014-жылы гана Түштүк Кореядан катышкан олимпиада чемпиону Чин Чжон О рекордду кайталаган. Аныкы Мелентьевден эки упайга гана ашкан.

Натыйжада кыргызстандык спортчу дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону болот. Бир убактарда ал Кувейт, Жаңы Зеландия жана АКШда жашаган. Бирок өмүрүнүн акыркы жылдарын жүрөгүнөн түнөк тапкан Бишкекте өткөргөн. 2015-жылы узакка созулган оорудан олимпиада чемпиону көз жумган.
Татьяна Колпакова
узатасынан секирүү боюнча алтын медалдын ээси
Татьяна Колпакова
узатасынан секирүү боюнча алтын медалдын ээси
Аламүдүндүн 21 жаштагы кулуну Татьяна Колпаковадан мындай өзгөчө жеңишти эч ким күткөн эмес. Ал түгүл советтик спортчу кыздардын тобунда ал үчүнчү эле болчу. Финал кызуу өттү. Советтик спорттун чоң үмүтү Татьяна Скачко биринчи эле кадамда олимпиадалык рекорд коет. Биздин мекендеш коло медалга ээ болууну гана кыялдана алмак. Татьяна Колпакова соңку аракетине чейин бешинчи гана орунда эле.

Кийин ал өзүнүн даңазалуу секириги тууралуу журналисттерге: "Учуп, көкөлөп бараткандай, жерге конгум келбегендей туюлган… Трибуна дуулдайт, ал эми мен селдейип, жыйынтык күтүп турам. Анан табло акырын, жай: адегенде жети, нөл, анан алты жанды. 7,06, мен алдыга суурулуп чыктым! Олимпиадалык рекорд!"

Татьяна ал түгүл спорттун бул түрүндө көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнөн алтынды "уурдап" алганы үчүн уялганын да жашырган эмес. Төрт жылдан кийин чемпион кыз чоң спорт менен коштошкон. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтундагы окуусун уланткан. 90-жылдары Бишкекте машыктыруучу болуп иштеген. Бир топ жылдан бери Татьяна Колпакова Россияда турат, бирок туулган жерин, Кыргызстанды эстен чыгарбайт. Былтыр Бишкекке келгенинде өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков менен кезиккен. Мекенин дайым жүрөгүндө аздектеп келерин билдирген.
Каныбек Осмоналиев
оор атлетика боюнча алтын медалдын ээси
Каныбек Осмоналиев
оор атлетика боюнча алтын медалдын ээси
Нарын облусундагы Бейшеке айылынын кулуну Каныбек Осмоналиевдин бала чагы бактылуу өткөн деш кыйын: бир жарым жашка толгонунда атасыз калат. Бала-бакыралуу үй-бүлө камкорчусунан ажырайт.

Боз улан кезинде Каныбек көктөн жылдыздарды алууга умтулган эмес. Айдоочу болуп, бир туугандарына каралашууну чечкен. Бирок декан болуп иштеген туугандарынын бири анын жөндөмүн байкап, жаш жигитти республиканын борбор калаасына жогорку билим алууга жөнөтүүгө апасын көндүрөт.
Чоң спортко тарых факультетинин студенти капысынан кабылат. Достору менен штанга көтөрүүдө күч сынашат. Жөндөмдүү баланы оор атлетика боюнча курама команданын машыктыруучусу Семен Иткин байкап калат.

Андан бир нече жыл өтпөй Каныбек Европа жана дүйнөнүн чемпиону болуп чыга келет. Олимпиада – 80де Каныбек Осмоналиевдин ийгилик жаратарынан эч ким күмөн санаган эмес. Бирок дүйнө жүзүнөн келген мыкты штангисттердин ортосунда айыгышкан күрөш жүргөн. Дароо төрт киши мурдагы олимпиадалык рекордду кайталаган. Алардын бири – биздин Осмоналиев.

Эреже боюнча мындай учурда жеңиш салмагы жогору штангистке тиет, ошондуктан олимпиадалык алтын кыргызстандыкка буюрган. Оор атлетчи ушул тапта Кыргызстанда жашайт. Өмүрүн өзгөчө нукка бурган ошол жылкы оюндардын урматына небере кызына Олимпиада деген ысым койгон. Ушул тапта айтылуу спортчу "Ынтымак" спорт мектебинде жаш муунду таптап келет.
Александр Блинов
командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси
Александр Блинов
командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси
Мелдеш "Колхозчу" кыргыз ат спорттук мектебинин тарбиялануучусу үчүн анча ийгиликтүү башталган эмес. Манеждеги жарышта ал араң он алтынчы болуп келет. Талаа жарышы өткөн күнү Москвада нөшөрлөп жаан жаайт. Спортчулар стартты үч саат бою күтүүгө аргасыз болушкан.

Жер нымдашып калгандыктан, аттар кайра-кайра кулап түшүп жатты. Бирок кудай жалгап, спортчулар да жаныбарлар да оор жабыркаган эмес. Александр Блинов да, анын тулпары Галзун да эч ката кетирбесе да, марага экинчи болуп келишкен.
Ошентсе да ат спортчусу туулган шаарына күмүш гана тургай, командалык алтын медаль менен кайткан. Үч советтик спортчу менен бирге ал командалык эсепте алтынга татыган. Мындай окуя советтик спорттун тарыхында алгач ирет орун алган. Олимпиададан үч жыл өтпөй спортчу Москвага көчүп барган, алигүнчө азыр да ошол калаада турат.
Николай Чернецкий
эркектер арасындагы 4×400 метрлик эстафетада алтын медалдын ээси
Николай Чернецкий
эркектер арасындагы 4×400 метрлик эстафетада алтын медалдын ээси
Кечки саат жетиде стадиондо принципиалдуу атаандаштар: СССР жана ГДРдин командалары күч сынашкан. Алар эркектер арасындагы 4х400 метрлик эстафетада беттешмек. Советтик курама командасынын курамында Фрунзеден 21 жаштагы Николай Чернецкий бар эле. Болуп көрбөгөндөй калчылдашкан кармаш эле. Алгачкы үч баскычында атаандаштар арасы теңме-тең болчу. Соңку айлампада Виктор Маркин советтик команданы жеңишке сүрөп чыккан.
Натыйжада Николай Чернецкий дүйнө чемпиондугуна татыйт. Белгилүү секирүүчү Иоланде Ченге баш кошот. 90-жылдардын орто ченинен тарта Италияда турары анык.
Александр Панфилов
1000 метрлик веложарыштагы күмүш медалдын ээси
Александр Панфилов
1000 метрлик веложарыштагы күмүш медалдын ээси
Жаш жигит велосипедге курулуш техникумунда окуп жүргөн кезинен эле кызыкчу. Жакындары аны туулган жерине кайтып, колхозго дипломдуу курулушчу болуп келет деп күтүшкөн. Бирок баары башка нукка бурулду.

Фрунзелик веложарышчы Александр Панфилов Олимпиада башталганда 20 жашка да толо элек болчу. Башта эч бири мындай жаш балага басым жасагысы келген эмес. Бул аралыкка дүйнөнүн эки жолку чемпиону Эдуард Раппты даярдап жатышкан. Олимпиадага бир ай калганда Панфилов өлкөнүн чемпионатын утуп алат. Ошентип, тагдыр ошол мелдешти биздин бозойго буюрат.
Бул болуп көрбөгөндөй мелдеш эле: дароо жети спортчу мурдагы дүйнөлүк рекорддон ашып түшүшкөн. Ошол жетинин бири Александр Панфилов эле. Бирок велосипедчи ГДРден келген атаандашы Лотар Томстон эки секунд гана артта калат. Ошондуктан күмүш медаль гана тиет.

Лотар Томс кадимки эмес, атайын велосипед менен жарышка түшкөн. Аны жашыруун автомобилдик трейлер менен алып келишкен. Бул алдыңкы дөңгөлөгү кичирейтилген жана рулу тар жеңилдетилген үлгүдө эле. Эгер ошол велосипед болбогондо кыргызстандык биринчи келери айкын эле.

Панфилов бүт өмүрүн машыктыруучулук ишке арнаган. Анын шакирттери олимпиада жана дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишкен. Александр ушул тапта Россияда турат.
Сатымкул Джуманазаров
марафондо коло медалдын ээси
Сатымкул Джуманазаров
марафондо коло медалдын ээси
Кыргызстандык жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун спорттук карьерасы машыктыруучу Виктор Борисов менен таанышкандан кийин жакшы нукка бурулган. 20 жашында юниорлор арасында чемпион болгон. Ошондон туура 9 жылдан соң Олимпиада – 80ге катышкан.

Марафондо кыргызстандык жигиттин өзгөчө ийгилик жаратарына эч ким ынанган деле эмес. Олимпиадалык оюндардын тарыхында советтик атлетчилер спорттун бул түрү боюнча медалга татый элек болчу. Кыргызстандык спортчу марага үчүнчү болуп келгенде элдин сүрөөнү стадионду "жарган".

Сатымкул Жуманазаровду "жарыш жолунун падышасы" деп коюшар эле. Өмүрүнүн соңуна дейре спортчулардын жаш муунун машыктырып өттү. Олимпиадалык чемпион Бишкекте 2007-жылы күтүүсүз кырсыктан каза тапкан.
Александр Абушахметов
командалык шпага боюнча коло медалдын ээси
Александр Абушахметов
командалык шпага боюнча коло медалдын ээси
Россия Федерациясынын спорт министри Павел Колобков фрунзелик Александр Абушахметов жөнүндө: "Бул дүйнөдөгү мыкты, бирок жыйынтыкка ээ болбогон фехтовальщик", – деп айтканы бар.

СССР чемпионатынын жеңүүчүсү Александрдан көптү күтүшкөн. Командалык шпагада советтик спортчулар коло медалга татышкан.
Бул чоң ийгилигинен кийин Александр Россияга көчүп кеткен. Өтө жаш – 41 жашында каза таап Москвага коюлган.
Олимпиада – 80ге чейин да, андан бери да кыргызстандык спортчулар ал жылдагыдай дүңгүрөткөн жеңиш жараткан эмес. Ошол олимпиадалык оюндардагы жетишкендиктер советтик спорттун кайталангыс жеңиши болгон.

Бир топ жылдан бери Кыргызстан олимпиадалык алтынга жете албай келет. Ошентсе да биздин спортчуларды далай даңазалуу жеңиштер күтөрүнө терең ишенебиз.
Автор
Асель Минбаева

Фото
Sputnik архиви

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев