Бишкекте жол кырсыгы болуп, бир киши көз жумду. Видео  

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Жол кырсыгы кечке маал болгон. Маалыматка караганда, бир киши каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкекте Лев Толстой көчөсүндө жол кырсыгы болуп, бир киши каза болду. Жеринде тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Милициядан аталган фактыны тастыктап, кырсык саат 18:00дөр чамасында "Два прораба" дүкөнүнө жакын жерде болгонун айтышты.  

Милициядан билдиришкендей, жеринде бир киши каза таап, дагы бир нечеси жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0