УКМК: Бишкектин вице-мэри кафе ээсинен пара алуу иши боюнча кармалды

© Фото / Улугбек ШамбетовВице-мэр по вопросам градостроительства и архитектуры Азамат Сагындык уулу
Вице-мэр по вопросам градостроительства и архитектуры Азамат Сагындык уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Мэрия кызматкерлери Түгөлбай-Ата (Линейный) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. УКМК кафе кожоюнунан пара алды деген шек менен Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулун кармады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Пара талап кылган деген шек менен милиционерлер кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
УКМК пара талап кылган деген шек менен Сокулуктун үч милиционерин кармады
23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.

Билдирүүгө ылайык, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түштү.

"Кызматкерлер параны вице-мэр менен сүйлөшүп алып талап кылып жатканы аныкталды. Кармалгандар бул ишке вице-мэрдин тиешеси бар экенин айтып, көрсөтмө беришти", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

24-июль күнү вице-мэр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0