УКМК колго түшүргөн Бишкектин вице-мэринин өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Сагындык уулу
Азамат Сагындык уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Азамат Сагындык уулунун өмүр баяны жана ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымалдан" таанышсаңыз болот.

Азамат Сагындык уулу 1984-жылы 12-мартта туулган. Билими жогорку. 

Билими:

  • 2000-2005 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, физика-электроника боюнча адистик;
  • 2005-2007 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, магистратура, электрондук-инженер адистиги;
  • 2007-2010 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, жарандык укук адистиги;
  • 2011-2014 — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Өнөр жай жана жарандык курулуш факультети, инженер адистиги;

Ишмердүүлүгү:

  • 2007-2010 — Бишкек мэриясынын Жеке турак жай, курулуш департаментинин адиси;
  • 2010 - 2011 — Бишкек мэриясынын Жеке турак жай, курулуш департаментинин жетектөөчү адиси;
  • 2011 - 2012 — Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментинин башкы адиси;
  • 2016- 2019 — Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2018- 2019 — Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
  • 2019-2020 — Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы;

Ал 2020-жылдын декабрында Бишкек шаарына вице-мэр болуп дайындалган. 2021-жылдын июль айында УКМК Бишкектин вице-мери Азамат Сагындык уулун шаардагы кафелердин биринин кожоюнунан пара талап кылды деген шек менен кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0