Ошто Lexus менен Toyota кагышып, эки киши каза болду. Видео

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыкка түшкөн автонуаа. Иллюстративдик сүрөт
Жол кырсыкка түшкөн автонуаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Кырсык Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 70-чакырымында, тагыраагы, Кара-Булак айылында болду. Жерине куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгондордун сөөктөрүн унаадан чыгарышкан.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда жолтандабас менен жеңил автоунаа кагышып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кырсык аталган жолдун 70-чакырымында, тагыраагы, Кара-Булак айылында болду.
"Lexus LX570 жана Toyota Corolla автоунаалары кагышып, жеринде бир аял менен бир эркек каза болду. Дагы үч киши жабыркады", — деп айтылат билдирүүдө.
Кырсык болгон жерде тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
Жерине куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгондордун сөөктөрүн унаадан чыгарышкан.
Жабыркагандарды Тез жардам кызматы Алай райондук ооруканасына жеткиргени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0