Чек арадагы чырдан үч киши көз жумду, бири 13 жашар кыз

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруканадагы кыз. Архив
Ооруканадагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Буга чейин бир адамдын каза болгону айтылган болчу. Эки тарап ок атууну токтотуу боюнча чечимге келгени маалымдалган.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан жалпысынан үч кыргызстандык каза таап, 51 адам жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Саат 23.30га карата берилген маалыматта, эки киши Баткен облустук ооруканасында көз жумганы, ал эми Лейлекте жаракат алган 13 жашар кыз ооруканага бараткан жолдо үзүлгөнү айтылат.
Айылга жакын жердеги аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курчуган жерлер. Карта
Каза тапкан кишинин бири Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын 36 жаштагы жашоочусу экени маалымдалган болчу.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу боюнча чечим кабыл алганын билдирген.
Ал арада көйгөйдү тез арада чечип, абалды жөнгө салуу талабы менен Баткен облустук администрациясынын алдына эл чогулуп жатканы белгилүү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0