БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Талас облусундагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, учурда 10 адам облустук биргелешкен ооруканасында жана Кара-Буура аймактык ооруканасында дарыланууда. Жабыркагандардын бири жаш бала. Ал эми бир бейтап үй шартында дарыланууга жиберилген.
Кара-Буура аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандар:
- 32 жаштагы К.к.Б. денесинин 82 пайызы күйүп калган, абалы өтө оор;
- 29 жаштагы С.у.А. денесинин 32 пайызын күйүк алган, абалы орто оор;
- 29 жаштагы Т.Ч. денесинин 36 пайызын күйүк алган, абалы орто оор.
Эки жабырлануучу Талас облустук биргелешкен ооруканасына которулуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Алар:
- 40 жаштагы К.С., денесинин 40 пайызга жакынын күйүк алган, абалы оор деп бааланууда;
- 41 жаштагы К.З., денесинин 45-48 пайызын күйүк алган, абалы оор деп бааланууда. Бейтаптар үчүн дары-дармек жетиштүү экени айтылды.
Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма City" тез тамактануучу жайда 4-январь күнү газ баллон жарылып, өрт чыккан. Кырсыктын келип чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу себеп болгон.