Таластагы тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 11 киши жабыркады. Видео

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүГаз баллондору. Архив
Газ баллондору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканага ар кандай деңгээлде күйүк алган 11 адам түшкөн. Төртөөнүн абалы өтө оор деп бааланып жатат.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы тез тамактануучу жайдагы газ баллон жарылып, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Новости и события дня (@sputnik.kg)

Маалыматка караганда, күйүк алган 11 киши Кара-Буура райондук ооруканасына жеткирилген.
"Төрт адамдын абалы өтө оор деп бааланып жатат", — дешти ӨКМден.
Талас облустук ооруканасынан реаниматологдор менен травматологдор жөнөтүлдү. Ал эми санавиация линиясы боюнча комбустиологдордун телефон аркылуу консультациясы уюштурулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0