Кыргызстанда дагы 23 киши коронавирус жуктуруп алды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация в Кыргызстане в связи с коронавирусом
Ситуация в Кыргызстане в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19дун жайылышынан улам Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги күн сайын маалымат берүүдө.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 23 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 489га жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Бишкек шаарында 14, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда төрт, Ош шаарында эки учур катталды. Анын 15и аял болсо, сегизи эркек киши. Учурда ооруканада 370 адам дарыланууда. Алардын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө", — деди Үсөнбаев.

Жуктуруп алгандардын арасында 12 медицина кызматкери бар.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0