Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус Кыргызстанды аралаган 31-күн: абал боюнча акыркы кабарлар

Жазылуу
Кыргызстанда COVID-19га кабылгандар беш жүзгө чукулдады. Арасында улгайгандар, жаштар жана балдар бар. Андан сырткары, жүздөн ашуун медик да коронавируска чалдыккан.

25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Мындай режимге 15-апрелден тарта Нарын шаары менен Ат-Башы району да кабылды. Ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:09 17.04.2020
19:10 17.04.2020
17:01 17.04.2020

Диагнозу такталганы дарыгер кандай кодулоого кабылганын ачык айтып берди. "Өзүмдү элден чыгып калгандай сездим", — деп моюнга алды врач айым.
Тастыкталган диагнозу бар медикти маектешүүгө көндүрүү бир топ татаал болду. Биздин редактор Таалайбек Ороскулов врачты маек толук купуялуулук шарты менен жарыяланарын убадалаган.

Биздин каарман 40тын кырынан ашкан, өмүрүнүн жарымын медицинага арнаган айым. Баарлашууга макул болгон врач жабыр тартып калбасын деп маектин айрым учурларын атайын өзгөрттүк.


 

Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Үч күн тура албай ыйладым. Коронавирус жуктурган медиктин жан азабы
15:56 17.04.2020

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан чет жактан 456,4 миллион доллар алууга макулдашты. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул макулдашылган гана сумма, андан тышкары, дагы каражат алуу үчүн башка банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

 “Каражат бюджетти колдоо жана бизнеске жардам берүү максатында алынып жатат. Макулдашылган акчанын 120 миллион доллары Эл аралык валюта фондунан келип түштү. Калганы дагы макулдашылган, учурда ар кандай стадияда каралууда. Мисалы, институттардын директорлор кеңешинин кароосунда жана өзүбүздүн мамлекеттик процедураларынан өтүп жатат”, — деди Асрандиев.

Вице-премьер аталган насыяларды Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа союзу жана Германиянын KfW банкы берип жатканын белгиледи. Айрым бөлүктөрү грант түрүндө дагы келет.

 

 

15:18 17.04.2020

Бүгүн республика боюнча COVID-19 инфекциясы менен 23  жаӊы учур катталып, анын ичинде Бишкек шаарындагы  №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ)  4 кызматкеринде вирус  тастыкталган.

Буга байланыштуу, Үй-бүлөлүк медициналык борбордо дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Дезинфекциялык иш-чаралар аяктаганга чейин,  №17 ҮМБ тейлеген шаардыктар жарандар Ленин районунун бириктирилген Үй-бүлөлүк медициналык борборунуна кайрыла алышат.

Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти. 

14:51 17.04.2020

17-апрелде, 212 кыргызстандык Стамбулдан Бишкектеги “Манас” аба майданына келип конду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

 

Чартерный рейс из Стамбула - Sputnik Кыргызстан
14:07 17.04.2020

Кыргыз ТИМи Бириккен Араб Эмирлигинин авиациялык тармагы менен биргеликте Кыргызстандын жарандарын алып кетүү үчүн 26-апрелде "Дубай-Бишкек" каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу маселесин иштеп жатат.

Бул маселе чет өлкөлөрдөн мекендештерибизди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында президенттин  тапшырмасынын негизинде чечилүүдө.
 КР жарандарын БАЭден эвакуациялоо үчүн 3-майда жана 10-майда кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашуу жетишилди.

Маалыматты Республикалык штабдан билдиришти. 

12:48 17.04.2020

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын тургуну үй-бүлө мүчөлөрүнө коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу облустук штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Индияга барып келген 30 жаштагы киши илдетке кабылып, сакайып кеткен. Бирок кийин анын кызы менен балдызынан коронавирус аныкталган.

“Эми болсо COVID-19 анын үч жаштагы уулу менен дагы бир балдызынан табылды. Үй-бүлө мүчөлөрү 30-марттан бери обсервацияда. Ал эми киши илдетти жеңгенден кийин ооруканадан чыгарылган”, — дешти облустук штабдан.


 

11:19 17.04.2020

“Күнүгө өздүк курамга эл менен иштөө боюнча нускама өткөрүп жатабыз. Учурда 410 кайгуул кызматта. Эгерде жашоочулардын себепсиз көчөдө басып жүргөнүн, тартип сактоочу кызматкерлеринин көзөмөлү жок экенин көрсөңөр түз линияга кайрылгыла”, - деди Орозалиев.

11:18 17.04.2020

Ири ишкерлерге Бишкектин ичинде каттоого уруксат кагазы берилип, майдалары калып калды деген суроо түштү.

"Электрондук системаны киргиздик, интернет аркылуу кайрылсаңыздар болот. Эгер уруксат алганга себептери негиздүү болсо, уруксат беребиз", - деди Орозалиев. 

11:17 17.04.2020

“Бул күндөрү шаар ичинде жүргөндө алган багытынарды тактап алгыла. Оору шаарда, республикада өсүп жатат.  Абайлап, сактанып мамиле кылалы. Байланыштарды азайткыла. Азыр ар бир адамда маалыматты ачык алганга  мүмкүнчүлүгү жогору. Окуп, кабардар болуп тургула.  Бир аз убакыт калды, чыдап тургула ”, - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

10:52 17.04.2020

Франциянын Прованс университетинин окумуштуулары коронавирус 92 градус ысыкта 15 мүнөттүн ичинде толугу менен өлөрүн аныкташты. Эксперттердин тыянактары bioRxiv илимий порталына жарыяланганын РИА Новости жазды.

 

Распространение коронавируса нового типа в мире - Sputnik Кыргызстан
Коронавирусту түп орду менен жок кылчу температура айтылды
10:43 17.04.2020

"17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Алардын баары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат", - деп билдиришти Республикалык штабдан. 
Өкмөттүн чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине алып келүү боюнча ишин улантаары айтылган.

10:26 17.04.2020
10:21 17.04.2020
10:20 17.04.2020
10:18 17.04.2020

Жалал-Абад облусу – 93
Ош облусу – 135
Ош ш. – 73
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 102
Баткен облусунда – 5
Нарын облусу – 45
Ысык-Көл облусунда – 8

10:15 17.04.2020
10:15 17.04.2020

 Бишкек ш. – 14
Чүй облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 2
Ош облусу – 4
Ош ш. – 2
Жаӊы катталган учурларда 15 аял, 8 эркек.

10:09 17.04.2020

Үсөнбаев: Алардын ооруну дарылап жатканда коргонуучу шарты начар болуп калган. Андан сырткары медиктердин бири-бирине жугуп калган учурлары да бар

10:08 17.04.2020
10:07 17.04.2020
10:07 17.04.2020
10:06 17.04.2020
10:06 17.04.2020
10:00 17.04.2020
10:00 17.04.2020
09:55 17.04.2020
09:55 17.04.2020
09:55 17.04.2020
09:51 17.04.2020
Установка дезинфекционных тоннелй в Оше - Sputnik Кыргызстан
09:28 17.04.2020

Сүрөтчүлөр ооруканалардын автоунаа токтотуучу жайына барып, медиктерден бир нече метр алыста туруп, 3-4 жолу "чырк" эттирүүгө гана жетишкен. Дарыгерлер ошол замат кайра бейтаптарга чуркашкан.

Апрель айында дүйнөдөгү айрым мода журналдары биринчи бетине адаттагыдай айтылуу моделдерди эмес, катардагы дарыгер кыз-келиндердин сүрөтүн чыгарды. Бул тууралуу ВВС жазды.

 

 

09:22 17.04.2020

Бул тууралуу өлкө президенти  Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолукканда айткан. 

Путин илдеттин жайылышы майрамга карата даярдык көрүүгө жол бербей жатканын белгилеген. Ал ошондой эле бардык салтанаттуу иш-чаралар, анын ичинде Жеңиш парады менен Өлбөс полктун жүрүшү 2020-жылдан кийин өтөрүн кошумчалаган.

 

 

Военный парад, посвящённый 74-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан
09:17 17.04.2020

Коронавирус боюнча жаңы маалыматтар жарым 40 мүнөттөн  кийин түшөт. Азырынча, окурмандардын эсине кечээки сандарды сала кетсек.

16-апрель боюнча Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандар 466 адам болгон. Алардын 41и балдар, 104ү медиктер эле. Айыгып чыккандар 91 киши экенин айтышкан. Эскерте кетсек, бул кечээки маалыматтар. 

09:13 17.04.2020
09:11 17.04.2020

16-апрель кечки саат 18.00гө карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 128 миллион 770,6 миң сом келип түшкөн. Анын ичинен медицина кызматкерлерине кошумча эмгек акы төлөө үчүн 7 миллион 735,5 миң сом бөлүнгөн. Калганы эсепте сакталуу бойдон турат

 

Ситуация в Бишкеке в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: элден канча акча чогулуп, эмнеге жумшалганы жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0