Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразы

Жазылуу
Бишкекте 24 жаштагы киши 10 жаштагы баланы жана анын бөбөгүн сабап салган. Өспүрүмдөр учурда ооруканада, биринин кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен. Ал эми балдарды урган адамга эч кандай чара көрүлө элек, көрсөтмө да берген эмес.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Калаа тургуну Гүлзат Жумакова милиция кызматкерлеринин шалаакылык ишине нааразы. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып, Sputnik Кыргызстан агенттигине бул боюнча кененирээк маалымат берди.

Жумакованын айтымында, бир жума мурда үйдүн короосунан анын 10 жаштагы уулун 24 жаштагы киши сабап салган. Бала алган жараатынан ооруканага жаткырылып, дарыгерлер кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен деген диагноз коюшкан. Бирок милиция бул ишке көңүл кош мамиле жасап, кылмышка шектүүгө эч кандай чара көргөн эмес.

© Фото / Гульзат Жумакова25 жаштагы киши 10 жаштагы Акылды кулак тушка катуу чапкан. Бала учурда ооруканада, кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен
Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразы - Sputnik Кыргызстан
25 жаштагы киши 10 жаштагы Акылды кулак тушка катуу чапкан. Бала учурда ооруканада, кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен

"Окуя 20-июнь күнү кечки саат 20:00дөр чамасында болгон. Жал кичи районундагы биз жашаган короодо балдар уруша кетиптир. 10 жаштагы улуу балам аларды ажыратканы барса, ары жактан урушуп жаткан балдардын биринин 25 жаштагы агасы келип уулумду кулак түпкө катуу чааптыр. Ал аз келгенсип, урушуп жаткан балдардын арасындагы 8 жаштагы уулумду да урган экен. Үйдө отурсак улуу балам ыйлап келди. Карасак кулагы шишип, көгөрүп кетиптир. Чапкан баланын үйүнө барсак эшикти атасы ачып, кечирим сурагандын ордуна "колуңардан эч нерсе келбейт" деген таризде жооп берип, ал тургай кайра бизди коркутуп эшигин жаап алды. Үйгө барып дароо милиция, тез жардам чакырттык. Тергөөчү келип арыз жаздырып, баламды сүрөткө тартып алган. Экинчи уулум "мени да чапкан" десе, аны да сүрөткө тартып кеткен. Соттук-медициналык экспертизага кагазды эртеси эле жазып берем деген. Ошону менен жок, эки күндөн кийин араң берди. Эки уулум тең азыр ооруканада. Улуусунун кулагы жакшы укпай жатат", — деди Жумакова.

Балдардын апасынын айтымында, анын уулун чапкан киши милиция кызматкери. Ал эми анын атасы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүмүндө иштейт.

© Фото / Гульзат ЖумаковаШектүү Акылдын бөбөгүн да чапкан
Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразы - Sputnik Кыргызстан
Шектүү Акылдын бөбөгүн да чапкан

"Балабызды чапкан киши милицияда иштей турганын уктук. Ал эми бизди теңине албай "билгениңерди кылып алгыла" деген атасы С.Т. аттуу адам майлуу-сүттүү кызматта иштей турганы маалым болду. Булар тергөөчү менен сүйлөшүп койгонбу, айтор, биздин ишти жылмалап жатышат. Окуя 20-июнда болсо фактыны тергөөчү Кылмыштар жана жоруктар реестрине дароо каттаган эмес. Экинчиден, соттук-медициналык экспертизага кагазды эки күндөн кийин берди. Үчүнчүдөн, протоколду тарсылдагы жарылган Акыл деген баламдын иши боюнча эмес, жеңил эле жараат алган экинчи Ыйман деген уулумдун иши боюнча жазып коюптур. Муну менен алар балдарымды урган кишиге жеңил жаза берүүнү көздөп жатышат. Ушуга чейин андан көрсөтмө алына элек. Уулумдун кулагы укпай калгыча чапкан адамга эмнеге иш козголбой жатат?!" — деди Жумакова.

© Фото / Гульзат ЖумаковаТергөөчүнүн бул протоколунда кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен Акыл тууралуу сөз жок, экинчи уулу Ыймандын иши боюнча гана жазалансын деп жазылган. Арыз ээси милиция бул ишти бурмалап, балдарды сабаган адамга жеңил жаза берүүнү көздөөдө деп нааразы болду.
Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразы - Sputnik Кыргызстан
Тергөөчүнүн бул протоколунда кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен Акыл тууралуу сөз жок, экинчи уулу Ыймандын иши боюнча гана жазалансын деп жазылган. Арыз ээси милиция бул ишти бурмалап, балдарды сабаган адамга жеңил жаза берүүнү көздөөдө деп нааразы болду.

Балдар шаардык ооруканасынын дарыгерлери Жумакованын эки уулу аталган ооруканада жатканын тастыктап, балдардын абалы турукташып келе жатканын айтты.

Милициянын жообу

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков аталган факт Кылмыштар жана жоруктар реестрине 21-июнь күнү катталганын билдирди.

"20-июнда Биринчи Май райондук ИИБге 102 кызматы аркылуу белгисиз адам эки өспүрүмдү сабап салды деген чакыруу түшкөн. Ал жакка оперативдик тергөө тобу барган. Аталган фактыны Бирдиктүү реестрге тергөөчү 20-июнь күнү каттабай калган. Себеби башка да чакыруу чыгып калгандыктан факты реестрге 21-июнь күнү түшкөн. Учурда бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 65-беренеси ("уруп-сабоо") боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган", — деди Жумаков.

© Фото / Гульзат ЖумаковаАкылдын ооруканада жатканын тастыктаган документ
Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразы - Sputnik Кыргызстан
Акылдын ооруканада жатканын тастыктаган документ

Ал балдарды урган белгисиз адамдын аты-жөнү такталганын, анын укук коргоо органында иштебей турганын кошумчалады.

Арыз ээси Гүлзат Жумакова тергөөчү ишти бурмалап жатканын жана анын түзгөн протоколун көрсөттү.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта балдарын катуу сабады делген ата кармалды
Бишкек ШИИБ маалымат кызматы арыз Биринчи Май райондук ИИБге 102 кызматы аркылуу түшкөн десе, тергөөчүнүн протоколунда арызды Жумакова Ленин райондук ИИБге жазуу түрүндө алып келген деп жазылып турат. Ошондой эле бул документте кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен Акыл тууралуу сөз жок, экинчи уулу Ыймандын иши боюнча гана жазалансын деп жазылган.

Арыз ээси милиция бул ишти бурмалап, балдарды сабаган адамга жеңил жаза берүүнү көздөөдө деп нааразы болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын жүрүшүнө жана балдарды сабаган адамга кандай чара көрүлө турганына көз салып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0