https://sputnik.kg/20190609/bishkek-tunku-mushtash-shiibb-video-1044633353.html
Милиция иликтеп баштады. Түндө Бишкекте эркектер топтошуп алып мушташкан видео
Милиция иликтеп баштады. Түндө Бишкекте эркектер топтошуп алып мушташкан видео
Sputnik Кыргызстан
Аталган фактыны шаардык милиция тастыктап, 266-берененин ("Бейбаштык") негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганын айтышты. 09.06.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-06-09T21:22+0600
2019-06-09T21:22+0600
2021-12-16T13:55+0600
https://sputnik.kg/img/104414/21/1044142131_0:153:3072:1891_1920x0_80_0_0_768e6bf457c62317a2389f4997ba8668.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104414/21/1044142131_0:57:3072:1987_1920x0_80_0_0_2d7b6fe5e6e1fbbc50c1dfce7377f0a7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, окуялар, кыргызстан, бишкек, шииб, видео
жаңылыктар, окуялар, кыргызстан, бишкек, шииб, видео
Милиция иликтеп баштады. Түндө Бишкекте эркектер топтошуп алып мушташкан видео
21:22 09.06.2019 (Жаңыртылды: 13:55 16.12.2021) Аталган фактыны шаардык милиция тастыктап, 266-берененин ("Бейбаштык") негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганын айтышты.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Борбор калаанын 3-кичи районунда түндө эркек балдар топтошуп алып мушташкан окуя боюнча милиция иликтөө иштерин баштады. Бул маалыматты Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтты.
Эске салсак, мушташтын видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.
"Мушташ чындыгында шаардын 3-кичи районунда, унаа токтотуучу жайдын жанында болгон. Милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Интернетке тараган видеонун негизинде сотко чейинки иштерди баштадык. Аталган факты 266-берененин ("Бейбаштык") негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды", — деди Жумаков.
Ал учурда окуянын чоо-жайы такталып жатканын жана кийинчерээк толук маалымат берилерин кошумчалады.