БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Москва шаарында 16 жаштагы кыргызстандык бала метронун рельсине кулап кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Москва метрополитенинин ички иштер бөлүмүнүн билдиргенине караганда, окуя "Сходненская" станциясында болгон.
“Жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынып, башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Элчиликтен кабарлашкандай, окуянын чоо-жайы такталууда.