00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Если разобраться...
Робот-хирург, умные счётчики и два комбайна с ущербом — программа «Если разобраться» о технологиях и вопросах после них
12:20
79 мин
Күн башат
Кыргыздын дүйнө таанымы: Көчмөндөр оюндарынын эмблемасындагы сыр
13:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
“Бала ырысы” жөлөк пулу 232 миңден ашык балага берилдиРоссиянын чек араларында Эбола вирусунан улам көзөмөл күчөтүлдүКыргызстанда 20 жана 50 сомдук биринчи банкноттор басылып чыкты
Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы биринчи банкноттору басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 30 жылдан ашуун убакыт бою улуттук валюта өлкөбүздүн чегинен тышкары басып чыгарылып келген. Бүгүн мына ушул стратегиялык процессти өз алдынча камсыздоого маанилүү кадам ташталды. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Улуттук банк акыркы мезгилдерде улуттук валютаны өзүбүздө чыгарууну камсыз кылуу жагында иштерди ырааттуу жана план чегинде ишке ашырып келди. Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөбүздүн аймагында 20 жана 50 сом номиналында банкноттор басып чыгарылды.
“Бала ырысы” жөлөк пулу 232 миң 229 балага берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан алардын банктык эсептерине 285 млн 588 миң 480 сом которулган. Бүгүнкү күндө айрым учурларда каражаттар алуучунун эсебинде чагылдырылбай калышы мүмкүн болгон себептерди аныктоо боюнча жекече тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик ар бир учур боюнча себептерди аныктоо максатында банктар менен биргеликте маалыматтарды жекече салыштыруу иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Борбор калаадагы жаңы “Бишкек Арена” стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, иш-чарага кирүү акысыз. Бирок тартипти сактап, тыгын жаратпоо үчүн чакыруу билетин алдын ала алуу зарыл. Жарандар аны tiket.gov.kg мамлекеттик сайты аркылуу алдын ала алып коюшу керек. Мындан тышкары, Каныбек Туманбаев коомчулукта талкууланып жаткан дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти жана ага байланыштуу чыгашалар боюнча да түшүндүрмө берди. Ал аткаруучунун гонорары мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт деген маалыматтарды четке какты.Эске салсак, 51 миңден ашуун көрүүчүгө эсептелген “Бишкек Арена” комплекси 31-августта пайдаланууга берилип, анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн. Буга чейин стадиондун жетекчилиги октябрь айындагы расмий ачылыштан жана ири шоу-концерттен кийин футбол талаасынын газонун даярдоо иштери башталарын кабарлаган
Россиянын чек араларында Эбола вирусунун коркунучунан улам санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова РИА Новостиге берген маегинде билдирди.Попованын айтымында, өлкөгө кирип жаткан адамдардын дене табы көтөрүлүп же ден соолугунун начарлаганы байкалса, алар дароо ооруканага жаткырылат. Бул система өлкө ичинде эч кандай коркунуч жаралбашы үчүн иштеп жатат. Роспотребнадзордун адистери илдет күчөгөн Конго менен коңшу Угандага алгачкы күндөрдөн тарта жардам берип келет. Россия жергиликтүү дарыгерлерге диагноз коюучу атайын тесттерди берген, алар вирустун сейрек кездешүүчү Бундибуджио түрүн да аныктай алат. Сентябрдын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Гебрейесус Конгодогу Эбола тарыхтагы эң тез жайылган оору болуп жатканын айткан. Ошондой эле ал вирустун дарыгерлерге али белгисиз болгон жугуу жолдору бар экенин эскерткен. Конгонун Коомдук саламаттык сактоо институтунун маалыматы боюнча, өлкөдө оору жуктургандардын саны 6 942ге жетип, 3 349 адам көз жумган. Вирус өлкөнүн 26 провинциясынын жетөөсүнө жайылып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0