https://sputnik.kg/20260914/1103664141.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
КР Түзөтүү мекемелеринде абал үч жылда кыйла өзгөрдү Путин: БРИКС дүйнөлүк экономиканы алдыга сүйрөгөн негизги күчкө айланганын белгиледиБишкек жылуулук электр... 14.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-14T19:00+0600
2026-09-14T19:00+0600
2026-09-14T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0e/1103663975_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e9fb34152e16c33870b5e367d84eac17.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
КР Түзөтүү мекемелеринде абал үч жылда кыйла өзгөрдү Путин: БРИКС дүйнөлүк экономиканы алдыга сүйрөгөн негизги күчкө айланганын белгиледиБишкек жылуулук электр борборунун 65 жылдыгы белгиленди
Бишкек шаардык мэриясында Бишкек жылуулук электр борборунун 65 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарада ЖЭБдин эмгек жамааты жана ардагерлери куттукталып, ишкананын борбор калааны жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуудагы маанилүү ролу белгиленди. Мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев энергетика тармагында көп жыл эмгектенген адистерге ыраазычылык билдирип, алардын шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. Мааракенин алкагында ЖЭБдин мыкты кызматкерлери жана ардагерлери ыраазычылык каттары, Ардак грамоталар, төш белгилер жана кол сааттары менен сыйланышты.
Акыркы үч жылда Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде олуттуу өзгөрүүлөр болду, анын ичинде жаңы жана оңдолгон жайлар ишке киргизилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Анын айтымында, акыркы үч жылда Жалал-Абадда олуттуу өзгөрүүлөр болду, жаңы абак курулду. Мындан тышкары, Караколдогу тергөө изоляторунда оңдоо иштери аяктап, азыр ишке берилди. Жыйында депутат Советбек Рустамбек уулу түзөтүү мекемелеринде адамдарды кемсинтүүгө же куугунтуктоого жол берилбеши керектигин белгиледи
Кыргызалтын» менен «AzerGold» тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады «Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов «AzerGold» ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушту. Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу жана пайдалуу кендерди геологиялык чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Абдраимов «Кыргызалтын» эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал эми Ибрагимов эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер экономикалык, анын ичинде тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт түзүп жатканын айтты.
Россиянын президенти Владимир Путин Нью-Делиде өтүп жаткан саммиттин жыйынтыктоочу БРИКС+ жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.Анын айтымында, БРИКС мамлекеттердин тең укуктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн колдоп, көп уюлдуу адилеттүү дүйнөнү түзүүгө салым кошууда. Путин уюмга мүчө өлкөлөр дүйнөлүк экспорттун дээрлик төрттөн бирине ээ экенин, ал эми дүйнөлүк ИДП өсүшүнүн 49 пайызы БРИКСке туура келерин белгиледи. Уюм ичиндеги соода жүгүртүү 1,2 триллион долларга жеткен. Путин БРИКСтин экономикаларынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, жаңы өндүрүш чынжырларын түзүү жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал төлөм жана эсеп-кысап системаларын, кайра камсыздандыруу механизмин, дан биржасын жана жаңы инвестициялык аянтча түзүү боюнча Россиянын демилгелерин сунуштады.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 90 тыйын юань 13 сом 4 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ15-сентябрга караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шейшемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +28...+33, Талас, Нарын чөлкөмүндө +23...+28, Ысык-Көл регионунда +22...+27 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ошто +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
КР Түзөтүү мекемелеринде абал үч жылда кыйла өзгөрдү Путин: БРИКС дүйнөлүк экономиканы алдыга сүйрөгөн негизги күчкө айланганын белгиледиБишкек жылуулук электр борборунун 65 жылдыгы белгиленди Бишкек шаардык мэриясында Бишкек жылуулук электр борборунун 65 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарада ЖЭБдин эмгек жамааты жана ардагерлери куттукталып, ишкананын борбор калааны жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуудагы маанилүү ролу белгиленди. Мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев энергетика тармагында көп жыл эмгектенген адистерге ыраазычылык билдирип, алардын шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. Мааракенин алкагында ЖЭБдин мыкты кызматкерлери жана ардагерлери ыраазычылык каттары, Ардак грамоталар, төш белгилер жана кол сааттары менен сыйланышты.Акыркы үч жылда Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде олуттуу өзгөрүүлөр болду, анын ичинде жаңы жана оңдолгон жайлар ишке киргизилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Анын айтымында, акыркы үч жылда Жалал-Абадда олуттуу өзгөрүүлөр болду, жаңы абак курулду. Мындан тышкары, Караколдогу тергөө изоляторунда оңдоо иштери аяктап, азыр ишке берилди. Жыйында депутат Советбек Рустамбек уулу түзөтүү мекемелеринде адамдарды кемсинтүүгө же куугунтуктоого жол берилбеши керектигин белгиледи Кыргызалтын» менен «AzerGold» тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады «Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов «AzerGold» ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушту. Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу жана пайдалуу кендерди геологиялык чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Абдраимов «Кыргызалтын» эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал эми Ибрагимов эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер экономикалык, анын ичинде тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт түзүп жатканын айтты. Россиянын президенти Владимир Путин Нью-Делиде өтүп жаткан саммиттин жыйынтыктоочу БРИКС+ жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.Анын айтымында, БРИКС мамлекеттердин тең укуктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн колдоп, көп уюлдуу адилеттүү дүйнөнү түзүүгө салым кошууда. Путин уюмга мүчө өлкөлөр дүйнөлүк экспорттун дээрлик төрттөн бирине ээ экенин, ал эми дүйнөлүк ИДП өсүшүнүн 49 пайызы БРИКСке туура келерин белгиледи. Уюм ичиндеги соода жүгүртүү 1,2 триллион долларга жеткен. Путин БРИКСтин экономикаларынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, жаңы өндүрүш чынжырларын түзүү жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал төлөм жана эсеп-кысап системаларын, кайра камсыздандыруу механизмин, дан биржасын жана жаңы инвестициялык аянтча түзүү боюнча Россиянын демилгелерин сунуштады. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 90 тыйын юань 13 сом 4 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.АБА ЫРАЙЫ15-сентябрга караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шейшемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +28...+33, Талас, Нарын чөлкөмүндө +23...+28, Ысык-Көл регионунда +22...+27 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ошто +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0e/1103663975_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6c792d4c0647cdf6c65ea17fb58fd833.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио