00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Тайна прародины древних тюрков: новые находки археологов на Алтае
16:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Ысык-Көлдө “Бишкек Солар” күн электр станциясынын биринчи этабы ишке кирдиОрбан Мадьярдын өкмөтүнө каршы күрөшкө чыгарын айттыЖапаров: мамлекеттик сыйлык чындап татыктуу адамга гана тапшырылышы керек экенин айтты
Мамлекеттик сыйлык чындап татыктуу адамга гана тапшырылышы зарыл экенин президент Садыр Жапаров билдирди. Бүгүн ал кесиптик ишмердүүлүгүндө олуттуу натыйжаларга жетишкен, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлоо аземи Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө да тушташ келди.Ал сыйлоо тутумун иретке келтирүү, калыстыкты, объективдүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыкканын эске салды. Документ Жогорку Кеңеште талкуулангандан кийин ага президент кол койгон.Жапаров өзүнүн көп жылдык мээнети менен Кыргызстанды тааныткан маданият жана искусство, илим жана билим берүү, журналистика, медицина жана башка тармактардын ишмерлерин өзгөчө белгилеп өттү. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө эле көрүнүктүү ийгиликтерге жетишип, эл аралык деңгээлде Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп жаткан жаш адистерге өзүнчө токтолду. Президент жарандарды, өзгөчө жаштарды сыйлык алгандардан үлгү алып, мамлекетти биргелешип чыңдоого чакырды.
Ысык-Көлдө кубаттуулугу 100 мегаватт болгон “Бишкек Солар” күн электр станциясынын биринчи этабы ишке киргизилди. Объект Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата президент Садыр Жапаров тарабынан бир убакта ишке берилген 60 ишкананын катарын толуктады.Долбоорду кыргызстандык “Бишкек Солар” жана россиялык “Юнигрин энерджи” компаниялары ишке ашырууда. Инвестициянын көлөмү 300 миллион доллардан ашат. Курулуш 2023-жылы башталган. Станциянын жалпы кубаттуулугун 300 мегаваттка жеткирүү пландалууда, ал эми жалпы кубаттуулугу 200 мегаватт болгон кийинки этаптарын 2027-жылы пайдаланууга берүү көздөлүүдө.
Казакстандагы “Көктал” полигонунда ЖККУнун Борбор Азия чөлкөмүнүн Ыкчам жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрүнүн “Рубеж — 2026” биргелешкен машыгуусунун активдүү фазасы башталды. Маневрларга 1,5 миңге жакын аскер кызматкери, 300дөн ашык курал-жарак, аскердик жана атайын техника, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттар катышууда.Машыгууга Борбор Азия чөлкөмүндөгү ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскер контингенттери, анын ичинде Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын Коргоо министрликтеринин бөлүктөрү тартылган. Аскер кызматкерлери биргелешкен антитеррордук операцияларды жүргүзүүнү, тышкы аскердик агрессиянын мизин кайтарууну жана Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздукту камсыз кылуу тапшырмаларын иштеп чыгышат. Машыгуу 19-сентябрга чейин уланат.
Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбан азыркы өкмөт башчы Петер Мадьярга каршы саясий күрөш жүргүзүү үчүн саясий айдыңга келерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.Экс-премьердин айтымында, өлкөдөгү оңчул күчтөр Венгриянын эгемен бойдон калышын каалап, ал эми "Тиса" партиясынын өкмөтү мамлекетти Евробиримдиктин колониясына айлантууну көздөөдө.Ал Россия республика үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон энергоресурстарды ташуу жаатындагы кызматташтыкты белгилеген. Ошентсе да анын европачыл багыты антироссиялык санкцияларга кескин каршы чыгып, Москва менен тыгыз экономикалык алака түзгөн Орбандын саясатынан түп-тамырынан бери айырмаланат. Венгриянын Тышкы иштер министрлиги Россияны таасирдүү держава деп атап, Украинага мурдагыдай эле курал жөнөтпөй турганын ырастаган. Ошол эле учурда Коргоо министрлигинин башчысы Ромулуш Русин-Сенди Будапешттин стратегиялык кызыкчылыгы Батыш альянсынын позициясына толук дал келерин жана өлкө мындан ары Москва "эшигин жаба турганын" билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0