https://sputnik.kg/20260914/1103645899.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Академия президент Садыр Жапаровдун... 14.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-14T08:59+0600
2026-09-14T08:59+0600
2026-09-14T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0e/1103645733_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7252e2f5db49f734b69e5bc9206d8870.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Академия президент Садыр Жапаровдун шахматты өнүктүрүү жана Кыргыз шахмат союзунун алдында Улуттук академияны түзүү боюнча жарлыктарынын негизинде уюштурулду. Анын негизги максаты — эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо, таланттуу жаштарды таап, колдоо көрсөтүү болуп саналат. Өкмөт башчы имаратта жаш шахматчыларды окутууга жана машыктырууга түзүлгөн шарттар менен таанышып, балдардын ата-энелери менен баарлашты. Касымалиев президенттин жарлыктары өлкөдө шахматтын өнүгүшүнө чоң түрткү бергенин, учурда 500 мектепте 3–5-класстын окуучулары үчүн “Шахмат мектептерде” пилоттук долбоору иштеп жатканын белгиледи. “Бүгүн Улуттук шахмат академиясы ишин баштап жатат. Ал таланттуу шахматчыларды таптап чыгарган маанилүү борборго айланып, Кыргызстандын намысын эл аралык аренада татыктуу коргой турган жаңы муундагы спортчуларды калыптандырууга өбөлгө түзөт деп ишенем”, — деди ал. Андан соң Адылбек Касымалиев борбордук шахмат тактасында символдук алгачкы жүрүштү жасап, академиянын ишине расмий старт берди.
Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүү системасына этап-этабы менен өтүүнүн алкагында мектептерди жаңы муундагы окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоо иштери уланууда. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылы бүгүнкү күнгө чейин 3 млн 172 миң 728 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, мектептерге таратылды. Учурда дагы 1 млн 442 миң 815 даана басылып жатат. Бул тууралуу "Учкун" басмаканасында өткөн пресс-тур учурунда маалымдалды. Иш-чарада ЖМК өкүлдөрүнө окуу китептерин басып чыгаруу процесси көрсөтүлдү. Эске салсак, 2025-жылы 4 млн 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс чыгарылган. Ошентип, эки жылдын ичинде басылып чыккан комплекстердин жалпы саны 9 млн 351 миң 413 даанага жетет.
Кыргызстандан 100дөн ашык спортчу Япониянын Нагоя шаарында өтө турган Азия оюндарына катышат. Кечээ Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде улуттук курама командага мамлекеттик желек тапшырылды. Желекти агенттиктин директору Урмат Асанбаев тапшырды. Курама команданын капитаны болуп боксчу Мырзакир Кошалиев тандалды. Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт. Кыргыз спортчулары күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика, сууда сүзүү, гимнастика, волейбол, футбол жана башка спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышат. Курама команданын арасында Жоломан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Эрлан Шеров жана Мунарбек Сейитбек уулу сыяктуу белгилүү спортчулар бар.
Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Академия президент Садыр Жапаровдун шахматты өнүктүрүү жана Кыргыз шахмат союзунун алдында Улуттук академияны түзүү боюнча жарлыктарынын негизинде уюштурулду. Анын негизги максаты — эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо, таланттуу жаштарды таап, колдоо көрсөтүү болуп саналат. Өкмөт башчы имаратта жаш шахматчыларды окутууга жана машыктырууга түзүлгөн шарттар менен таанышып, балдардын ата-энелери менен баарлашты. Касымалиев президенттин жарлыктары өлкөдө шахматтын өнүгүшүнө чоң түрткү бергенин, учурда 500 мектепте 3–5-класстын окуучулары үчүн “Шахмат мектептерде” пилоттук долбоору иштеп жатканын белгиледи. “Бүгүн Улуттук шахмат академиясы ишин баштап жатат. Ал таланттуу шахматчыларды таптап чыгарган маанилүү борборго айланып, Кыргызстандын намысын эл аралык аренада татыктуу коргой турган жаңы муундагы спортчуларды калыптандырууга өбөлгө түзөт деп ишенем”, — деди ал. Андан соң Адылбек Касымалиев борбордук шахмат тактасында символдук алгачкы жүрүштү жасап, академиянын ишине расмий старт берди.Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүү системасына этап-этабы менен өтүүнүн алкагында мектептерди жаңы муундагы окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоо иштери уланууда. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылы бүгүнкү күнгө чейин 3 млн 172 миң 728 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, мектептерге таратылды. Учурда дагы 1 млн 442 миң 815 даана басылып жатат. Бул тууралуу "Учкун" басмаканасында өткөн пресс-тур учурунда маалымдалды. Иш-чарада ЖМК өкүлдөрүнө окуу китептерин басып чыгаруу процесси көрсөтүлдү. Эске салсак, 2025-жылы 4 млн 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс чыгарылган. Ошентип, эки жылдын ичинде басылып чыккан комплекстердин жалпы саны 9 млн 351 миң 413 даанага жетет.Кыргызстандан 100дөн ашык спортчу Япониянын Нагоя шаарында өтө турган Азия оюндарына катышат. Кечээ Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде улуттук курама командага мамлекеттик желек тапшырылды. Желекти агенттиктин директору Урмат Асанбаев тапшырды. Курама команданын капитаны болуп боксчу Мырзакир Кошалиев тандалды. Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт. Кыргыз спортчулары күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика, сууда сүзүү, гимнастика, волейбол, футбол жана башка спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышат. Курама команданын арасында Жоломан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Эрлан Шеров жана Мунарбек Сейитбек уулу сыяктуу белгилүү спортчулар бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0e/1103645733_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6bbbb6c62ec54318cfd9626827852b05.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио