00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Землетрясения, сели, оползни: чем сотрудничество с ШОС важно для Кыргызстана?
18:11
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдеги кооперация: Кыргызстан өндүрүшүн жаңы деңгээлге чыгара алабы?
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как правильно оформить наследство — советы юриста
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жатын моюнчасынын рагына чалдыкпаш үчүн аялдар менен эркектер эмнени билиши керек ?
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттери менен көбүрөөк соода кыла баштадыЕкатеринбургдагы фестивалда конголук жигитке калпак жана сом белекке берилдиСадыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Менун чакыруусу менен 15-18-сентябрда аталган өлкөдө расмий сапар менен болот. Бул туурасында "Ынтымак ордо" билдирди. Сапардын алкагында мамлекет башчы "Борбордук Азия — Корея" деп аталган I саммитке катышат. Анын маалымат кызматы президенттин Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрө тургандыгын кошумчалады. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтердин топтомун кабыл алуу пландалууда.
Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттери менен болгон соодасын быйылкы жылдын январь-июль аралыгында 5,4 пайызга жогорулатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Өз ара сооданын жалпы көлөмү 3 миллиард 730 миллион долларды түзгөн. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу жогору. Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы менен ЕАЭБ мамлекеттери менен болгон соода 5,9 миллиард долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2,4 эсе көбөйгөн.
Чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочулардын жаркын элесине арналып Кадамжай районунунда БТР-70 аскердик техникасы орнотулган постаменттин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага облус жетекчиси Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекен коргоочулардын жакындары, ардагерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Мамыржан Рахимов бул эстеликтин мааниси терең экенин белгиледи. Жаңы эстелик өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоодо курман болгон мекенчил уулдардын эрдигин түбөлүккө даңазалап турат. Аземдин катышуучулары курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим кылып, эстеликке гүлчамбарларды коюшту. Ошондой эле каза болгондорго багышталып куран окулду. Ал эми мекен сакчыларынын эрдигин даңазалоо менен келечек муунга татыктуу жеткирүү боюнча салым кошкон инсандарга сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара маданий программа менен улантылды.
Кореялык өнөрпоздор Кыргызстандын бир катар аймактарын кыдырып, өлкөнүн тарыхый-маданий жана кооз жерлери менен таанышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын Кванджу маданий борборунун жетекчиси, Кванджу эл аралык фондунун директору KANG HYUNMI, Кванджу эл аралык фондунун менеджери CHOI JINSIL, ошондой эле артисттер HAN JUNGMIN, KANG NAROO, LEE INGOOG, LEE GUNSOO жана SEO HYEONGJUN Кыргызстанга бир жумалык иш сапары менен келишти. Ошондой эле кореялык делегация Талас облусунда өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан тышкары, делегация кыргыз улуттук “Манас” театрына барып, театрдын ишмердүүлүгү, чыгармачылык багыты жана артисттердин эмгеги менен таанышты.
Екатеринбургда Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын конголук катышуучусу Инносент Бахатиге кыргыз калпагы жана сом белекке берилди. “Бул — Кыргызстан менен Конгонун достугунун символу. Адамдарды бириктирген мындай иш-чаралардын жана фестивалдардын өтүп жатканы абдан сонун. Мен Конгодонмун, ал Кыргызстандан, бирок биз кезигип, достошуп кеттик жана ал мага ушуну белек кылды. Керемет!”— деди Бахати. Улуттук баш кийимден тышкары, Бахатиге кыргызстандык тыйындар да тартууланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0