Кинодогудай! Ошто жол эрежесин бузган унаага атылган ок жөө кишиге тийди

© Фото / пресс-служба УВД ОшаНаезд на инспектора в Оше
Наезд на инспектора в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтобогон унаанын дөңгөлөгүнө атылган инспектордун огу машинанын кырына тийип, андан кайкып учуп жол жээгинде кетип бараткан жөө кишинин кулагына тийген.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ош шаарында жол эрежесин бузган айдоочунун унаасына карай атылган огу кокустан жөө бараткан адамга тийди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, окуя 23-декабрь күнү 18:00дөр чамасында болгон. Анда инспекторлор астыңкы айнектери караңгылатылган, арткы номери жок Mersedes C-320 үлгүсүндөгү унааны байкап калып токтотушкан. Бирок айдоочу Ош ЖКККББ кызматкерин качыра сүзүп, качып кеткен.

© Фото / пресс-служба УВД ОшаОш шаарында жол эрежесин бузган айдоочунун унаасына карай атылган огу кокустан жөө бараткан адамга тийди
Ош шаарында жол эрежесин бузган айдоочунун унаасына карай атылган огу кокустан жөө бараткан адамга тийди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош шаарында жол эрежесин бузган айдоочунун унаасына карай атылган огу кокустан жөө бараткан адамга тийди
© Фото / пресс-служба УВД ОшаЖол эрежесин бузган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал буга чейин соттолгон 19 жаштагы Ош облусунун тургуну, уюшкан топтун мүчөсү катары каттоодо турган адам болуп чыкты.
Жол эрежесин бузган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал буга чейин соттолгон 19 жаштагы Ош облусунун тургуну, уюшкан топтун мүчөсү катары каттоодо турган адам болуп чыкты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жол эрежесин бузган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал буга чейин соттолгон 19 жаштагы Ош облусунун тургуну, уюшкан топтун мүчөсү катары каттоодо турган адам болуп чыкты.
1/2
Ош шаарында жол эрежесин бузган айдоочунун унаасына карай атылган огу кокустан жөө бараткан адамга тийди
2/2
Жол эрежесин бузган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал буга чейин соттолгон 19 жаштагы Ош облусунун тургуну, уюшкан топтун мүчөсү катары каттоодо турган адам болуп чыкты.

"Инспектордун шериги айдоочунун артынан кубалап токтотууга аракет кылган. Бирок Mersedes C-320 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу айдап, каршы тилкеге чыгып качып жөнөгөн. Айдоочуга эскертүү берип инспектор эки жолу асманга ок чыгарган, бирок айдоочу токтогон эмес. Мыйзамга таянган лейтенант айласыздан дөңгөлөктү мээлеп аткан. Бирок ок унаанын кырына тийип, андан кайкып учуп жол жээгинде кетип бараткан жөө кишинин кулагына тийген", — деп жазылат маалыматта.

Работа ГУОБДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Күнүнө 2600 айдоочу автоинспекторго түшөт. Бир жумалык статистика
Жабыркаган Ош шаарынын 57 жаштагы тургуну ооруканага жаткырылды. Учурда абалы канааттандырарлык.

Жол эрежесин бузган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал буга чейин соттолгон 19 жаштагы Ош облусунун тургуну, уюшкан топтун мүчөсү катары каттоодо турган адам болуп чыкты.

Кармалган адамдын унаасынын алдыңкы номери жасалма болуп чыккан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси боюнча иш козголгон.

Ал эми жол инспекторунун курал колдонушу боюнча ички иликтөө кызматы териштирүү баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0