БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Узаган жума ичинде 18 242 ирет жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Тагыраак айтканда, автоинспекторлор 19-октябрдан 25ине чейин жол кыймылынын эрежелери бузулганын аныктаган. Бул статистика бир күндө 2606 айдоочу эреже бузуп жатканын түшүндүрөт.
Айыпка жыгылган айдоочулардын саны:
Тыюу салуучу жол чырагынан өтүү — 343;
Мас абалында унаа башкаруу — 225;
Унаа каражатын жогорку ылдамдыкта айдоо — 1996;
Жол белгилерин сактабоо — 3135;
Автоунаанын жарык чыгаруучу приборун иштетпей айдоо — 1500;
Башка транспортторго тоскоолдук жаратуу — 1478;
Коопсуздук курун тагынбоо — 4244;
Унаанын алдыңкы жана каптал айнегин караңгылатуу — 48;
Уюлдук телефонун колдонуу эрежесин бузуу — 3252.
Мындан сырткары, 1117 айдоочунун унаасы айып короого киргизилген.