20:51 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Ымыркайлар. Архивдик сүрөт

Бала сатты деген гинекологдор. Багажниктен чирип бараткан түйүлдүктөр табылган

© AP Photo / Channi Anand
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Светлана Федотова
Бишкекте ымыркайлардын сатылышы (4)
364410

Балдарды сатты деп шектелген акушер-гинекологдор боюнча ооруканада эмне деп жатышканын, абалды оңдоо үчүн Саламаттык сактоо минитсртрлиги эмне чара көрөрүн Sputnik сураштырды.

Бишкекте эки гинеколог жаңы туулган балдарды сатты деп шектелип кармалган. Милициядагы маалымат булагы Sputnik Кыргызстандын кабарчысына дарыгерлердин бири беш жыл мурда да бала соодалоого шектелип, анда иш жабылгандыгын айтып берди.

"Кармалган дарыгерлердин бири ушундай ишке шектелип, суралып, бирок далилдер жетишсиз болгондуктан, кое берилиптир", — деди милициядан окуя тууралуу айтып берген кызматкер.

Анын айтымына караганда, тергөөдө ак халатчандардын ымыркайларды сатканы туурасында жетиштүү далилдер бар. Берген маалыматы боюнча кармалгандардын биринин автонунаасынын багажынан бойдон түшүрүлгөн түйүлдүктөрдү, болгондо да чирип бараткан белгиси менен табышкан. Шектүүлөрдүн бири азыр тергөө абагында, экинчисинин кичинекей баласы болгондуктан үй камагына алынып турат.

Агенттиктин маектеши акыркы жагдайлардан кийин жаңы төрөлгөн бөбөктөрдү сатты деп сегиз акушер-гинеколог шектелип жаткандыгын айтып берди. Анын маалыматына таянсак, шектүүлөрдүн үчөө № 1 жана № 18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана №4 Төрөт үйүндө иштеген.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты. Маалымат толукталгандан кийин кенен билдирүү жасай тургандыктарын кошумчалашты.

Төрөт үйлөрүнүн жетекчилери 4-төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары кылмыш ишине айыпталып жатышы боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

"Учурда тергөө жүрүп жатат. Бизди айыптоодон мурда далилдерди келтирүү керек. Комментарий берүүдөн баш тартабыз", — деди ал.

№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Бегайым Токтобекова алардын мекемесинде коррупциялык иштер болбогонун билдирди.

"Бизде төрөт залы, аборт жасата турган бөлмөлөр жок. Эгер гинекологдор мыйзамсыз иштерди жасаган болсо, демек бейтапканадан башка жерде болгон. Бул биздин борборго эч кандай тиешеси жок дегенди билдирет", — деди Токтобекова.

Кызматкери кылмышка шектелип кармалган №18 үй-бүлөлүк борбор дагы оорукананын криминалдык ишке тийиштиги бар деген кепти четке какты. Мекеменин директорунун орун басары Абдумалик Порханов кесиптеши кылмышка шектелип жатканын милиционерлерден укканын билдирди.

"Оор кылмышка шектелип жаткан гинеколог бизде 2003-жылдан бери иштеп келет. Ал жеке клиникада дагы эмгектенчү. Октябрь райондук ИББден биздин кызматкер СИЗОго киргизилгени тууралуу маалымат түшкөндө, ошол замат жыйын курдук", — деди ал.

Порханов билдиргендей, борбордо төрөт бөлүмү жок болгондуктан кылмыш болушу мүмкүн эместигин айтты.

"Козголгон кылмыш иштин чоо-жайын милициядан укканда шок абалында болдук. Дарыгерлердин бардыгы менен сүйлөшүп, шектүү нерселер байкалса бизге маалымдап тургула деп айттык", — деди Порханов.

Өлкөнүн ооруканаларынын баары текшерилет

Республиканын башкы гинекологу Раиса Асылбашева Саламаттык сактоо министрлигинде бала сатуу фактысы боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.

"Текшерүүгө бардык менчик жана мамлекеттик төрөтканалар дуушар болот", — деди Асылбашева.

Бала асырап алууга дээрлик мүмкүн эмеспи?

Кыргызстанда бала сатуу боюнча ЖМКлар бир нече жолу жазган. Жыл сайын Кылмыш жаза кодексинин 124-беренеси (Адам сатуу) боюнча бир нече иш козголот. https://sputnik.kg/incidents/20180326/1038354466/oshto-20-min-somgo-satylgan-nebere.html Былтыркы жылы эле үрөй учурган беш учур катталган.

"Бала укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова уюм баласын сатып жиберген бир нече энеге наристесин кайтарууга жардам берип келгенин айтып берди.

"Бизге баласын мажбурлоо менен саткан аялдар кайрылышат. Буга көбүнчө жалгыз бой энелер дуушар болот. Бир аял ымыркайын төрөтканадан эле санитарка аркылуу сатып жиберген. Милицияга кайрылып, энесине кайтарып бердик. Италиялык жубайлардын эки кызды асырап алуусу үчүн документтерди жасалмалаган шылуундар да кездешкен", — деди Турдубекова.

"Балдардын укугун коргоо лигасынын" жетекчисинин айтымында, эки кылмыш иши боюнча айыпталгандар жоопкерчиликке тартылган.

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун жетекчиси Алексей Петрушевский мындай кылмыштуу бизнестин келип чыккан себебине токтолду.

Анын айтымында, Кыргызстанда бала асырап алуу абдан оор.

"Балдар тууралуу маалыматтар сактала турчу база дагы деле жок. Евробиримдик бул нерсеге эбак эле каражат бөлгөн. Асырап алынган балдарды, же алардан баш тарткан ата-энелер тууралуу маалыматтарды табууга мүмкүн эмес. Бул көйгөйдү чече турчу система ишке кирет деп бир жыл мурда айтылган, бирок жыйынтык жок. Бала асырап алгысы келгендер процедура татаал болгондуктан бала сатып алууга аргасыздан барышат", — деди Петрушевский.

Юрист Елена Гаврилова Кыргызстанда бала багып алуу бюрократиялык процесстерден улам оор деп эсептейт.

"Мамлекеттик органдар тарабынан ата-эне болчуларга бир кыйла тоскоолдуктар жаралат. Мындан улам адамдар ушундай жолго барууга аргасыз… Өтө кейиштүү, бирок бала багып алуу системасы кынтыксыз иштесе канча деген бала үй-бүлөдө өсмөк. Демек адам сатуу боюнча кылмыштар да азаймак", — деди ал.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова балдарды сатуунун моралдык жагы боюнча унчуккан жок. Эксперт бала багып алууда мамлекеттик органдар тарабынан тоскоолдуктар жаралат деген пикирди төгүнгө чыгарды.

"Бала багып алуу татаал жана абдан орчундуу иш. Бул жерде кеп ал балдардын келечеги тууралуу болууда, буга кайдыгер кароого болбойт. Багып алчу ата-эненин ден соолугу, жашоо шарты, психологиялык абалы тууралуу баарын билишибиз керек", — деди Чолумова.

Адис бала багып алуунун кыйынчылыгы менен бала сатууну салыштырып болбой турганын белгиледи.

Кыргызстандын Кылмыш жаза кодекси боюнча адам сатуу менен алектенген кишини эркиндигин беш жылга чейин чектөө же беш жылдан сегиз жылга чейин үй-мүлкүн конфискациялоо менен эркинен ажыратуу жазасы каралган. Статистикага ылайык, 2014-жылы 124-берененин негизинде 18 кылмыш иши, 2016-жылы — 8, 2017-жылы — төрт иш козголгон. Акыркы кылмыштын экөө жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу фактысы боюнча ачылган.

Тема:
Бишкекте ымыркайлардын сатылышы (4)

Тема боюнча

Оштогу бала бакчада бөбөк эмнеге чарчап калды. Милициянын түшүндүрмөсү
Ошто 20 миң сомго сатылган небере: туугандары ымыркайды алуудан баш тартты
Белгилер:
балдарды асыроо, ымыркай, юрист, милиция, бала сатуу, гинеколог
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ