Жанына киши тура албай калат... Наристе гана ооруй турган 8 дарт

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный центр охраны материнства и детства
Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Баламдын ордуна мен оорусамчы!" Бул ооруган наристесин көрүп, жаны кейип турган ата-эненин төл сөзү болсо керек. Чындыгында жаш бала илдетке кабылмак түгүл, жөн гана чыргоолонсо көңүл бир жерде болбой калат.

Медицинада жаш балдар гана кабылан дарттар бар. Бул туурасында борбордогу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатрия бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Дилара Искакова кеп кылат. 

© Sputnik / Дильноза АлымоваПедиатр Дилара Искакова
Педиатр Дилара Искакова - Sputnik Кыргызстан
Педиатр Дилара Искакова

1. Итий (рахит. — ред). Ооруга бир жашка чейинки балдар кабылат. Көп учурда организмде D витамини жетпегенде пайда болот. Жаш, кыш, күз айларында жарыкка келген балдарда жана ара төрөлгөндөрдө көбүрөөк кездешет. Баланын энеси боюнда бар кезинде күнгө көбүрөөк чыгып, туура, витаминдүү тамактар менен азыктанышы керек. Териге күндүн нуру көбүрөөк жардам берет. Ошондуктан чоңдор күнгө чыккандыктан итий менен оорушпайт.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрте жана кеч төрөсө эмне болот? Гинекологдун кеңеши
Биринчи белгиси — быжы деп коет, мында баланын чачы түшөт. Себеби бала тердейт, кычкыл тер кычыштырганда бала башын жаздыкка сүртө баштайт. Ошондой эле заарасы да кычкыл тартып чатты кызарта ачышып, айланасы бүдүрөйүп чыгат.

Маселени көңүл сыртында калтырса организмде зат алмашуу процесси бузулуп, кальций, фосфор жетишпей, баланын сөөктөрү жумшара баштайт, түнү ойгонуп уйкусу качат. Баланын көкүрөк сөөгү туура эмес өсүп, буттары "о" же "икс" тамгасы сымал кыйшайып, баш сөөгү төрт чарчы формада болуп калышы ыктымал.

Итий оорусу менен келген балдарга витамин берилип, профилактикалык дарылоодон өткөрүлөт.

Баса, итийди айыктырам деп башына калама коюп, шапкесине салынган жемди эшекке жедирип элдик ыкмага басым жасагандар бар. Азыркы заманда мындайларды кеп кылуунун өзү уят.

2. Оозул. Айрым жаш балдардын оозунан шилекейи тынбай акканын көрүп жүрсөңүздөр керек. Негизи жаш баланы ууртунан чопулдатып өпкөнгө болбойт, чекесинен сүйгөн эле жетиштүү болсо керек. Наристелер назик жан, кир тамак-аш жегенде же жерде калган упчуну соргондо, чоң кишилер өпкөндө оозу аркылуу инфекция жугузуп алат. Анан баланын оозунун ичинде (былжыр чели) жарачалар пайда болот да шилекейи агып баштайт. Мындан сырткары, оозул каны аз балдарда кездешет. Эң оболу гигиенаны сактап, балдарга витаминдүү дарыларды берген туура.

Система здравоохранения в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Аялзатын бүк түшүргөн гинекологиялык 10 илдет
3. Көк жөтөл (коклюш). Бул дарт менен кичинекей бала катуу ооруйт, чоңдор моюн деле бербейт. Мында бала дем ала албай, көгөрүп калат. Жанында киши тура албагандай кыйналат. Көбүнчө эки жашка чейинкилер ооруйт. Дарттын себеби — убагында медициналык эмдөөдөн баш тартып койгондук.

4. Эрип калуу. Чоңдордо бул тарамыштын карышып, тартылып калышы деп айтылат. Неврологиялык оорулардын бири, бала көпкө чейин ыйлап, көгөрүп, өзүн жоготуп койгонго чейин барат.

5. Диатез, чоңдордо аллергия деп аталат. Энесинин кош бойлуу кезинде туура эмес тамактанганынан улам пайда болот. Аллергияны чакыра турчу азыктар: кулпунай лимонад, жумуртка, шоколад болушу мүмкүн. Диатез баланын бетине, кулагынын аркасына кызарып чыгат. Бул учурда дарыгердин кеңеши менен иче турчу дарылардан алыш керек, денеге шыбай турчу майларды кичинекей баланын териси көтөрө албайт.

6. Киндиктин грыжасы. Бир жашка чейинки балдарда киндиги тери менен бирикпей, сыртка кирип-чыга берет. Оорунун кесепетинен баланын ичи көөп, заңдай албай кыйналат. Муну дарыгерлер операция кылбастан, медициналык скотчту жабыштыруу аркылуу киндикти ордуна коюп беришет.

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жатында чирий баштаган түйүлдүк... Бишкектеги төрөтканадан репортаж
7. Май тамандуулук. Наристе төрөлгөндө таманы түз болгондуктан, төрт жашка чейин так диагноз коюлбайт. Андан ары буттун астынын керектүү жери чуңкурайып кадимки формасына келет. Түз бойдон калышы май тамандуулук деп аталат. Оорунун себеби — тар кийим кийгизүү, ошондой эле кыймылдын аздыгы. Бала топуракка жакын болот, колдон келсе жылаңайлак бастырыш керек. Эгер маани бербей жүрө берсе, кийин наристе кара күчтөн аксайт, дене тарбияга катыша албай кыйналат, эркек балдар аскерге да жарабай калышы мүмкүн.

8. Ич өткөк (диарея) — жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Ичеги-карындын инфекциясынан, туура эмес тамактангандан, суук тийгенден, ичип жаткан дары-дармектердин организмге жакпай калышынан пайда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0