БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкекте оюн учурунда кулап кеткен футбол дарбазасы 11 жаштагы баланын башына тийип, алган жаракатынан ал каза тапты. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 13-июнь күнү Пишпек районунда болгон.
"Балдар жабык футбол талаасына барышкан экен. Оюн учурунда дарбаза баланын башына кулаган. Мини футболдук аянтка алар жанындагы чайкана аркылуу киришкен деген божомол бар", — дешти укук коргоо органдарынан.
Ушу тапта медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилмекчи.