БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда мөндүр жаап, сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Алдын ала маалымат боюнча аталган райондун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылында бүгүн, 5-июнда саат 17:50 чамасында жамгыр аралаш мөндүр жааган.
“Болжол менен мөндүрдүн көлөмү 2-3 сантимтр. Мындай жаандын кесепетинен мөмө-жемиштерге зыян келтирилген. Мындан сырткары Көтөрмө айылынан өткөн Шамай сел канасынан суу ташып айдоо жерлерин каптаган”, — деп айтылат маалыматта.
ӨКМдин Ноокат райондук бөлүм башчысынын орун басары жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кеткени айтылат. Кошумча маалымат берилет.