15:59 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.9212
  • RUB1.0831
Жолдо бараткан автоунаа. Архивдик сүрөт

Сокулукта эркек киши унаа алдында калып каза болду. Айдоочу изделүүдө

© Sputnik / Григорий Сысоев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (380)
162 0 0

Жол кырсыгы 6-апрелде болжол менен саат 23.30да болгон

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Сокулукта эркек кишини унаа сүзүп, ал жеринде мүрт кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 6-апрелде болжол менен саат 23.30да Фрунзе жана Белинский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Алган жаракатынан 47 жаштагы эркек киши ошол жерде жан берген. Сүзгөн унаанын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Тергөө иштери башталып, милиция айдоочуну издеп жатат.

Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (380)

Тема боюнча

Ала-Букада жол кырсыктан жаш кыз каза болуп, ымыркай жабыркады
Токмокто адам өлүмүнө себепкер болгон прокурордун экс-жардамчысы жазаланабы
Бишкекте маршрутка айдоочусу жол эрежелерин одоно бузду. Видео
Белгилер:
өлүм, жол кырсыгы, Сокулук

ЭҢ МААНИЛҮҮ