БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкектеги бутиктердин биринен 24-февраль күнү 75 миң сомдук зер буюмду уурдап кетишкенин дүкөндүн ээси Мээрим Бакаева билдирди. Ал видеого түшүп калган көрүнүштү Facebook тармагына жүктөгөн.
Анын айтымына караганда, бутикке эки кыз кирип келип моюнга тага турган чынжыр издеп жатышканын билдиришкен. Алар зер буюмду тандап, банкоматтан акча чыгарып келели деп чыгып кетишкен.
"Бутикке дагы бир кыз келип кайненем менен сүйлөшүп кайра кетип калды. Тиги эки кыз кайтып келип бири кайнененмди алаксытып, экинчиси зер буюмду сумкасына салып койду. Дагы жакшы дүкөнүбүздө үч видео камера бар болчу. Кайненем соода борбордун видео жазылмасын караса, тиги экөөнө үчүнчү кыз кошулган", — деди Бакаева.
ШИИБ болсо аларга бул боюнча арыз түшкөнүн жана алар издөө иштерин жүргүзүп жатканын маалымдашты.