Беш кишини коюп кеткен айдоочу мас болгонун экспертиза тастыктады

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба с пьянством за рулем в КР
Борьба с пьянством за рулем в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү айдоочу беш кишини коюп, үчөө каза болгон

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. "Ала-Тоо" совхозу аймагынан беш кишини коюп кеткен айдоочу мас болгонун Чүй ОИИББдин Кайгуул милициясынан билдиришти.

"Экспертизанын жыйынтыгы айдоочу мас болгонун тастыктады. Кечээ ал кайра жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду", — деп милициядан маалымдашты.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда саат 15:30дар чамасында Toyota Camry автоунаасынын айдоочусу беш кишини коюп кеткен. Бир аял кырсык болгон жерден каза болсо, дагы бир аял менен 7 жашар бала ооруканадан үзүлгөн.

Милиция окуянын-чоо жайын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0