16:37 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
12

Катталган фактылар облустук прокуратурага тергөө үчүн өткөрүлөт

НАРЫН, 12-ноя. — Sputnik. Экологиялык техникалык инспекциясынын Нарын аймактык башкармалыгы Германия жаратылышты коргоо уюмунун (НАБУ) Барс ыкчам отряды жана Нарын ОИИБдин ыкчам тобу браконьерлерге каршы рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • Рейд по выявлению браконьерства в Нарыне
    Каратал-Жапырык жаратылыш коругунун Соң-Көл аймагын текшерүүдө мыйзамсыз аң улоочулар кармалышты.
    © Фото / Нурзада Мукашева
  • Рейд по выявлению браконьерства в Нарыне
    Алардын жанынан жаңы атылган тоо текенин мүйүзү, 4 суурдун, 1 түлкүнүн териси, 5 капкан, документи жок мылтык алынды.
    © Фото / Нурзада Мукашева
  • Рейд по выявлению браконьерства в Нарыне
    Ал эми Соң-Көлдөн 2800 метрдей балык кормоочу торлор жана 50 даана сига балыгы, 5 кайыктын мотору алынып, актылар түзүлдү

1 / 4
© Фото / Нурзада Мукашева
Каратал-Жапырык жаратылыш коругунун Соң-Көл аймагын текшерүүдө мыйзамсыз аң улоочулар кармалышты.

Каратал-Жапырык жаратылыш коругунун Соң-Көл аймагын текшерүүдө мыйзамсыз аң улоочулар кармалышты.

"Алардын жанынан жаңы атылган тоо текенин мүйүзү, 4 суурдун, 1 түлкүнүн териси, 5 капкан, документи жок мылтык алынды. Ал эми Соң-Көлдөн 2800 метрдей балык кормоочу торлор жана 50 даана сига балыгы, 5 кайыктын мотору алынып, актылар түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында балык кармоочу торлор өрттөлүп, материалдар облустук прокуратурага тергөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Мындай биргелешкен пландуу текшерүүлөр уланат.

Тема боюнча

Аңсакчы Жапаров: коңшуларым карышкыр, илбирс жана тоо текелери...
Белгилер:
рейд, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ