Депутат Чолпонбаевдин туугандары: өлөр алдында комага түшүп калган

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Улан Чолпонбаев
Депутат ЖК Улан Чолпонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү узакка созулган оорудан улам ишемби күнү көз жумган

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Улан Чолпонбаев өлөр алдында кыска мөөнөткө комага түшүп калган. Бул тууралуу маркумдун туугандары билдирди.

Чолпонбаев борбор калаадагы ооруканалардын биринде бөйрөгүн дарылатып жаткан. Ал 11-ноябрь күнү кечке жуук 41 жаш курагында каза тапты.

Артында эки кичинекей кызы калды.

Депутаттын сөөгү 13-ноябрда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0