Оттук айылында бала каза тапкандан кийин элдин суранычы орундала баштады

© Фото / Автандил МолдосалиевБишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасы өткөн Оттук айылын жашоочулары митинг учурунда
Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасы өткөн Оттук айылын жашоочулары митинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл, жергиликтүү бийлик улам-улам суранып келген жол тоскоолдуктарын коюуга уруксат кырсыктан кийин бир нече сааттын ичинде берилген.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасы өткөн Оттук айылында автоунаа баланы тебелеп кеткенден кийин гана элдин суранычы орундала баштады. Кечээ аталган жолдон тогуз жашар баланы маршруттук такси тебелеп кеткенден кийин эл жол тосуп, бүгүн ылдамдыкты азайтуучу жол тоскоолдуктары чекесинен орнотулууда. Бул туурасында аталган айыл өкмөтүнүн жетекчиси Автандил Молдосалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

© Фото / Автандил МолдосалиевБишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасы өткөн Оттук айылында автоунаа баланы тебелеп кеткенден кийин гана элдин суранычы орундала баштады
Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасы өткөн Оттук айылында автоунаа баланы тебелеп кеткенден кийин гана элдин суранычы орундала баштады - Sputnik Кыргызстан
1/4
Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасы өткөн Оттук айылында автоунаа баланы тебелеп кеткенден кийин гана элдин суранычы орундала баштады
© Фото / Автандил МолдосалиевКечээ аталган жолдон тогуз жашар баланы маршруттук такси тебелеп кеткенден кийин эл жол тосуп, бүгүн ылдамдыкты азайтуучу жол тоскоолдуктары чекесинен орнотула баштады
Кечээ аталган жолдон тогуз жашар баланы маршруттук такси тебелеп кеткенден кийин эл жол тосуп, бүгүн ылдамдыкты азайтуучу жол тоскоолдуктары чекесинен орнотула баштады - Sputnik Кыргызстан
2/4
Кечээ аталган жолдон тогуз жашар баланы маршруттук такси тебелеп кеткенден кийин эл жол тосуп, бүгүн ылдамдыкты азайтуучу жол тоскоолдуктары чекесинен орнотула баштады
© Фото / Автандил МолдосалиевАталган айыл Нарын районуна карайт. Айыл өкмөтүнүн жетекчисинин айтымында, Оттук айылы аркылуу өткөн Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасында кырсык көп катталат
Аталган айыл Нарын районуна карайт. Айыл өкмөтүнүн жетекчисинин айтымында, Оттук айылы аркылуу өткөн Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасында кырсык көп катталат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Аталган айыл Нарын районуна карайт. Айыл өкмөтүнүн жетекчисинин айтымында, Оттук айылы аркылуу өткөн Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасында кырсык көп катталат
© Фото / Автандил МолдосалиевАнын бир мисалы бир күн мурда болгон окуя.
Анын бир мисалы бир күн мурда болгон окуя. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Анын бир мисалы бир күн мурда болгон окуя.
1/4
Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасы өткөн Оттук айылында автоунаа баланы тебелеп кеткенден кийин гана элдин суранычы орундала баштады
2/4
Кечээ аталган жолдон тогуз жашар баланы маршруттук такси тебелеп кеткенден кийин эл жол тосуп, бүгүн ылдамдыкты азайтуучу жол тоскоолдуктары чекесинен орнотула баштады
3/4
Аталган айыл Нарын районуна карайт. Айыл өкмөтүнүн жетекчисинин айтымында, Оттук айылы аркылуу өткөн Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасында кырсык көп катталат
4/4
Анын бир мисалы бир күн мурда болгон окуя.

Аталган айыл Нарын районуна карайт. Айыл өкмөтүнүн жетекчисинин айтымында, Оттук айылы аркылуу өткөн Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасында кырсык көп катталат. Анын бир мисалы бир күн мурда болгон окуя.

"Жол кырсыгы көп катталып, мал-жаныбыз зыянга учурап келет. Мал эч нерсе эмес, ал тургай адам өмүрүн алган учурлар көбөйүп кетти. Автоунаалар айылдын ичин катуу ылдамдык менен аралап өтөт", — деди Молдосалиев.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү бул маселени чечүү боюнча тиешелүү тараптарга, анын ичинен Транспорт министрлигине көп ирет кайрылуу болгонун айтты.

Кудайбергенден окуучуну сүзүп кетти делген айдоочу: ичип алган болчумун - Sputnik Кыргызстан
"Кудайбергенден" окуучуну сүзүп кетти делген айдоочу: ичип алган болчумун
"Сурообуз – ылдамдыкты басаңдатуучу дөңсөөлөрдү коюп бергиле деген өтүнүч эле. Каттын баары "тигил карайт, бул карайт" болуп кете берип, жыйынтык чыкпай келген. Кечээ, саат кечки бештер чамасында жергиликтүү үй-бүлөнүн тогуз жаштагы баласын Каракол — Нарын багытындагы маршруттук такси уруп кетип, каза тапты. Ага чейин дал ушул үй-бүлөнүн дагы бир баласын уруп кетип, бирок аман калган. Бул окуядан кийин нааразы болгон эл трассаны бир саатка чукул жаап, тынчтык митингин өткөрдү", — деди айыл өкмөтү.

Кырсык болгондон кийин аталган аймакка облустук бийликтин, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Кайгуул милициясынын аймактык жетекчилери келген. Эл бүгүн кайрадан чогулуп аларга канча убакыттан бери какшап, суранып келе жаткан "ылдамдыкты азайтуучу жол тоскоолдуктарды орнотуп бербесе, кайрадан жолду бууйбуз" деген шарт койгон.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү учурда аталган дөңсөөлөр орнотула баштагандыгын кошумчалады.

Кырсык болгондон кийин чечилген маселе…

Нарын ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Тилек Оторов 59 жаштагы айдоочу азыр убактылуу кармоо жайында экендигин, ишти учурда облустук прокуратура карап жаткандыгын айтты.

"Караколдон келе жаткан кичи автобустун айдоочусу велосипед айдап чыга калган өспүрүмдү койдуруп алган. Бала жандандыруу бөлүмүнө жетпей каза тапкан. Ишти Нарын райондук тергөө бөлүмү иликтеп жатат. Автоунаа айып короого токтотулуп, айдоочу 48 саатка убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деди Оторов.

Көчөдө бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Активисттер: балдарыбыз мектепке баратканда согушка жөнөткөндөй коркчу болдук
Ал эми эл улам-улам суранып келген жол тоскоолдуктарын коюуга уруксат бир нече сааттын ичинде алынган.

"Нарын ИИБдин жетекчиси Нурлан Сарчаев тиешелүү министрликтер менен сүйлөшүп, эл талап кылган жол тоскоолдуктарын коюп берүү боюнча уруксат алып, бүгүн алар чекесинин коюла баштады",— деди Оторов.

Азыр Бишкек — Нарын — Торугарт жолун реконструкциялоо боюнча тендерди утуп алган кувейт-кытайлык биргелешкен "Копри/Синохидро" фирмасы ылдамдыкты азайтуучу жол тоскоолдуктарды орнотуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0