Өзгөн: жер көчкү алдында калгандарды издөө башталды

© Фото / пресс-служба МЧС КРСход оползня в селе Аюу Узгенского района
Сход оползня в селе Аюу Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды менен басып калган.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзгөндүн Аюу айылында жер көчкү алдында калган жарандарды издөөнү токтотуп, ошол жерди мазарга айлантуу каралууда. Бул туурасында Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмуханбет Мокошев билдирди.

Анын айтымында, айылдыктарды коопсуз жайга көчүрүү үчүн 30 чатыр тигилген.

"Кечээ кечинде кар аралаш жаан жааган. Учурда көчкү алдында калган жарандардын туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анда издөө иштерин токтотуп, ал жердин айланасын тосуп мазарга айлантуу каралып жатат", — деди Мокошев.

Ал айылда дагы 69 үй-бүлө ӨКМдин атайын чатырларына жана туугандарыныкына көчүрүлгөнүн кошумчалады.

Сход оползня в селе Аюу Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: көчкү жүргөн аймакта эпидемиологиялык топ иштеп жатат
Ал арада жер көчкү алдында калгандардын жакындарынан жети киши ооруканага түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Алардын бешөө невроз диагнозу менен, дагы бири гипертоникалык оору менен дарыгерлердин кароосунда. Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык экени айтылып жатат. Ал эми инсультка кабылган дагы бир жаран реанимацияда, абалы оор деп бааланууда.

Министрлик бейтаптардын баарына тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды 24 жашоочусу менен басып калган. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0